Биз менен байланышыңыз

«Марипов оперативдүү иштеши керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Фев 2021 | 790 | 0

Премьер-министрлик кызмат ордуна сунушталган Улукбек Марипов оперативдүү иштеши керек. Парламенттик шайлоого чейин бир топ иштерди аткарса болот. Мындай пикирин мурдагы Мамлекеттик катчы, мамлекеттик жана коомдук ишмер Досбол Нур уулу «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Марипов ийкемдүү, билимдүү, тың жигит. Кандай иштеп кетерин мезгил көрсөтөт.

«Акыркы 5 жылдан бери Эсеп палатасында иштеп, өз милдетин аткарганга аракет кылды. Ал өзүн оң жагынан көрсөтсө, кийинки премьер-министрликке да калып калышы ыктымал. Команда түзүлөт, бир өкмөт башчы менен эч нерсе чечилбейт. Президенттин көзөмөлүндө иш алып барат, ошондуктан кандай иштешин убакыт көрсөтөт», — дейт Нур уулу.

Ал белгилегендей, өкмөттүн түзүмүн кыскартуу туура. Анткени өлкөдө орун керек болгону үчүн эле кошумча штат ачкан учурлар болгон.

Органдарды бириктирип, бирок кызматкерлердин саны кыскартылбаса, бир өтүккө эки бутту тыкканга тете жана пайдасы болбойт. Андыктан ар бир министрликтеги кызматкерлердин санын кошо кыскартуу керек. Алардын маянасын башка кызматкерлерге берип, кызыктырып иштетүү зарыл.

Марипов Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын 1-февралдагы жыйынында өкмөттүн курамында кыскартуулар болорун айткан. Ал 22 өкмөт мүчөсүнүн 16сы гана калтырыларын билдирген.

Финпол менен Каттоо кызматы ИИМдин карамагына өткөрүлөт

Copyright © 2017 Maral FM