Биз менен байланышыңыз

Финпол менен Каттоо кызматы ИИМдин карамагына өткөрүлөт

Кыска кабар | 1 Фев 2021 | 4085 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жоюлушу мүмкүн. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары жазды.

Маалыматтарга караганда, өкмөттүн жаңы түзүмү иштелип чыгып, айрым бөлүмдөр жоюлат. Мисалы, Финансы полициясынын милдеттери Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилет.

Мындан тышкары Мамлекеттик каттоо кызматы жана анын алдындагы «Унаа» ишканасынын милдеттери да ИИМдин карамагына өткөрүлөт.

Премьер-министрлик кызмат ордуна сунушталган Улукбек Марипов Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын 1-февралдагы жыйынында өкмөттүн курамында кыскартуулар болорун айткан.

Ал 22 өкмөт мүчөсүнүн 16сы гана калтырыларын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM