Биз менен байланышыңыз

Пакистан КРдин медициналык ЖОЖдорун өзүнчө категория менен карайт

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Фев 2021 | 1103 | 0

Пакистандын медициналык комиссиясы медицина багытында билим берген университеттерди категорияларга бөлүштүрдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, пакистандыктар категория боюнча университет тандап, билим алат. Студент кайсы гана категорияны тандабасын, жумушка орношууда Пакистандын медициналык комиссиясынын сынагынан өтүшү зарыл.

«А» категориясына — Пакистандан сырткары жайгашкан мамлекеттик жана эл аралык аккредитациядан өткөн медициналык университеттер;

«Б» категориясына — мамлекеттик аккредитациядан өткөн ЖОЖдор;

«С» категориясында — аккредитациядан өтө элек университеттер кирген.

«Кыргызстанда жаңы ачылган медициналык окуу жайларды өзүнчө категорияга киргизүү сунушу кабыл алынды. Мыйзамга ылайык, бизде ЖОЖдор окутуу программасын көз карандысыз аккредитациядан өткөрүшү керек. Аккредитациядан өтүү мөөнөтү 5 жыл», — дейт Өмүров.

Copyright © 2017 Maral FM