Биз менен байланышыңыз

Пакистанда «Tik-Tokко» тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Мар 2021 | 824 | 0

Пакистан соту коомдогу порнографиялык жүрүм-турумду чагылдырган видеотасмалары менен популярдуу болгон «Tik-Tok» социалдык тармагына тыюу салды. Бул тууралуу «Dawn» гезити маалымдады.

«Tik-Tok» сайтына жүктөлгөн видеолор Пакистан коомуна туура келбейт»,— деди сот.

Маалымат агенттиги бул боюнча «Tik-Tok» компаниясынын кызматкерлерине суроо-талап жөнөтүлгөнү, бирок жооп алына электигин жазган.

Былтыр октябрда Пакистанда адеп-ахлаксыздыкка байланыштуу эскертүүлөрдөн улам «ТикТокко» тыюу салынган. Бирок, кийинчерээк социалдык тармак өлкөнүн мыйзамдарына туура келген шартта калыбына келтирилген.

Copyright © 2017 Maral FM