Биз менен байланышыңыз

Бүгүндөн тарта АКШда TikTokту колдонууга тыюу салынат

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Сен 2020 | 477 | 0

Бүгүн, 20-сентябрдан тарта АКШда TikTok жана WeChat тиркемелерин жүктөөгө тыюу салынат. Бул тууралуу Рейтер агенттиги өлкөнүн Соода министрлигигине шилтеме берүү менен билдирди.

WeChat жана TikTok мобилдик тиркемелерин АКШдагы мобилдик тиркеме дүкөндөрү аркылуу жайылтуу же колдоо кызматтарын көрсөтүүгө да тыюу салынат.

Демек, Google Play менен App Store мобилдик дүкөндөрү TikTok жана WeChatты өздөрүнүн платформаларынан алып салып, колдонуучуларга жеткиликсиз кылат.

Ошондой эле, ушул кызматтарды колдонгон бардык колдонуучулар тиркемелерин жаңырта алышпайт.

Америкалык бийликтин TikTok жана WeChatка койгон дооматтары алардын Кытайдан чыгуусуна байланыштуу. Бул колдонмо башка бир катар кытай мобилдик колдонмолору сыяктуу Пекин администрациясы тарабынан тыңчылык маалыматын чогултуу үчүн колдонулуп жатат.

Колдонмону колдонуп жүргөндөр үчүн аны колдонууну чектөө, 12-ноябрга пландаштырылган. Ошол күнгө чейин аталган тиркеме АКШда иштейт.

TikTok жана WeChat экөө тең Америкада өтө популярдуу болгон колдонмолор. Учурда TikTokту 100 миллиондой америкалык колдонот. WeChat жөнүндө айта турган болсок, бул кызматтын күн сайын активдүү колдонуучулардын АКШдагы саны 19 миллион адамды түзөт.

Эске салсак, Индия өкмөтү да Кытайдын Tik Tok социалдык тармагын жана WeChat мессенжерин колдонууга 30- июнда тыюу салган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM