Биз менен байланышыңыз

Билим берүүнү бизнес катары да көрөлү

Билим-маданият , Коом | 22 Фев 2021 | 2140 | 0

2020-2021-окуу жылынын башталышына карата өлкөнүн жогорку окуу жайларында 63 миңден ашуун чет элдик студент билим алат. Алардын көбү КМШ өлкөлөрүнөн келген. Бул өлкөдөгү жалпы студенттердин 29 пайызын түзөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Арген Надыркулов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда окуган студенттердин өсүү тенденциясы КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген студенттердин арасында да байкалууда. Алсак, өткөн беш жылда тыштан келген студенттердин саны 3 эсеге, тактап айтканда, 6 миңден 19 миң адамга көбөйдү.

«2020-2021-окуу жылынын башталышына карата республиканын жогорку кесиптик окуу жайларында 63 миңден ашуун чет элдик студент билим алууда, же  жалпы студенттердин 29 пайызга жакынын түздү. Басымдуу бөлүгү, тактап айтканда, 44 миңге жакыны, же 69%ы КМШ өлкөлөрүнөн келген студенттер, алардын саны беш жыл аралыгында 5,4 эсеге көбөйгөн. Муну менен бирге Өзбекстандан келген студенттердин саны кыйла өстү, окуп жаткандар жалпы 7%дан 86% чейин көбөйгөн. Ошол эле убакта 2016-2017-окуу жылынын башталышына салыштырмалуу Казакстандан келген студенттер 5%га чейин азайган. Окуп жаткандардын санынын өсүү тенденциясы КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген студенттердин арасында да байкалууда, алар өткөн беш жылда 6 миңден 19 миң адамга же 3 эсеге көбөйдү. Муну менен бирге Индиядан келген студенттер бул мезгил ичинде 73% дан 63%га чейин азайса, Пакистандан келген студенттер 6% дан 31% чейин көбөйгөн».

Экономист Элдар Абакировдун айтымында, жылына 1 студенттен 15 миң долларга чейин каражат түшөт. Бул тармакты билим берүү катары эле эмес, бизнес катары да карап, экономикалык потенциалын колдонуу керек. Кыргызстанда ички дүң өндүрүм адам башына 1000 доллар, 1 адамдан 10-15 миң доллар түшүп жатса, бул 5-10 кишини бакканга таасир этет.

«Экономикалык көз караш менен карасак, 1 студент жылына орто эсеп менен 1000 доллар төлөйт. Жашаганына, тамактанганына ж.б. акча төлөйт. Ар бир студенттен 10-15 миң долларга чейин каражат түшөт. Жакшы экономикалык тармак. Сөзсүз түрдө колдонуу кажет. Биздин өлкөдө ички дүң өндүрүм адам башына 1000 доллар, 1 адамдан 10-15 миң акча түшүп жатса, бул 5-10 кишини бакканга таасир этет».

Булардан тышкары чет өлкөлүк студенттердин жалпы саны 29%ды көрсөтсө, демек билим берүү системасы экспорттолуп жатат десе болорун айтып, бул сандын өсүшүнө шарттарды түзүү керектигин белгилейт. Маселен, иштетилбей турган имараттарды да ушул жаатта жандандыруу керек. Чет элдик студенттерге билим берген педагогдорду көбөйтүп, киреше алып келген активге айландыруу учурдун талабы.

«Билимди экспорттоо 29%га өстү. Экспорттоону да көбөйтүү зарыл. Мамлекеттик жана жеке менчик окуу жайлар болушу мүмкүн. Кээ бир иштетилбей турган бош имараттарды билим берүү жаатында колдонсо болот. Мунун баарын киреше алып келген активге айландырса болот. Билим берген мугалимдердин да санын көбөйтүү керек. Чет өлкөлүк студенттерди тартуу максатында биринчи, алар койгон талаптарга жооп берген шарттарды түзүү керек».

Эл аралык «Ала-Тоо» университетинде 25тен ашык чет өлкөлүк студент билим алууда. Алар көбүнчө медицина жана IT тармактарында окуйт. Индонезиядан тартып, алыскы жана жакынкы өлкөдөн келгендер бар экенин окуу жайдын маркетинг бөлүмүнүн башчысы Рустам Умаров маалымдады.

«Эл аралык «Ала-Тоо» университетинде 25тен ашык чет өлкөлүк студент билим алууда. Көбүнчө медицина жана IT тармактарында окушат. Индонезиядан тартып бир топ алыскы өлкөлөрдөн келгендер бар. Чет элдик студенттерге дүйнөлүк деңгээлдеги шарттарды, билим берүү системасын жана сапаттуу мугалимдерди көбөйтүү керек. Ал эми Пакистандан келген студенттер көбүнчө медициналык факультетте окуп жатышат. Пакистан тараптан бизди толук кандуу кара тизмеге киргизүү боюнча чечим чыга элек. Бирок ал жактагы студенттер бизге чалып байланышып турушат».

Белгилей кетсек, буга чейин Пакистан өлкөсү Кыргызстандын бир катар окуу жайларын кара тизмеге киргизгендигин айтып чыккан. Буга негиз катары өлкөдөгү билим берүүнүн деңгээлинин төмөндүгүн жүйө келтиришкен. Андан соң Билим берүү жана илим министрлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар окуу жайга уруксат берилерин белгилеген. Бул боюнча азырынча так чечим чыга элек.

Copyright © 2017 Maral FM