Биз менен байланышыңыз

Индия дүйнөлүк IT-компанияларды жетектеген кадрларды кантип чыгарды?

Блог | 21 Дек 2021 | 1036 | 0

IT-программисттердин армиясын чыгарууда Индиянын ийгиликтүү өлкө экени, дүйнөлүк ири компанияларда эмгектенген индустардын көптүгү баарына маалым. Маселен, Google компаниясынын башкы директору Сундар Пичаинин, «Майкрософт» компаниясынын президенти Сатья Наделланын түпкү теги индиялык. Жакында эле Twitter социалдык тармагынын жетекчиси болуп Параг Агравал дайындалды. Би-Би-Синин маалыматына ылайык, этникалык индустар Америка калкынын 1%ын, Силикон өрөөнүндөгү кызматкерлердин 6%ын түзөт. АКШнын H1B визасынын (чет өлкөлүктөрдүн жумушка орношуусу үчүн уруксат берген) 70%ы индиялык программисттерге берилет. Жакыры көп мамлекет катары белгилүү Индия дүйнөнүн «IT-хабына» кантип айлана алды?

«IT-тармагына 19 млн долларлык инвестиция салсаңар, шартыңарга көнөбүз»

Кеңири тараган окуяга ишенсек, мунун баары 1980-жылдары америкалык General Motors Electric компаниясынын учактардын кыймылдаткычын иштеп чыгуу боюнча Индия менен кызматташууга кызыгуусунан башталган. General Motors компаниясынын ошол кездеги башкы директору Жек Уэлч Индияга келгенде аны менен премьер-министр Ражив Гандинин технология боюнча кеңешчиси Сем Питрод жолугат. Кеңешчи бай америкалыктардын сунушун карап чыгат да, макул болуу үчүн «жергиликтүү IT-тармагы үчүн 10 млн долларлык инвестиция саласыңар» деген шарт коёт. Анда 1989-жыл эле.

General Electrics бул сунушка көнүп, IT-жумуш үчүн индиялык программисттерге буйрутма берген алгачкы америкалык компания болуп калды. Бул учурда мындай суроо туулбай койбойт: «Мынча көп программист кайдан чыкты?»

Башында индиялыктар компьютерди басма машинка катары кабыл алышкан

Программалык камсыздоо жана тейлөө компанияларынын улуттук ассоциациясынын (NASSCOM) мурдагы президенти Киран Карник китебинде жазгандай, компьютерлер алгач компьютер катары эмес, басма машинка катары таанылган. Америкалык компания салып жаткан 10 млн доллар бул түшүнүктү өзгөртүүнүн башаты болушу керек эле.

Программисттер дароо эле асмандан түшө калган жок. Ал кезде азыркыдай интернет да, онлайн-курстар да жок эле. Алгачкы айтишниктер 1960-жылдардын экинчи жарымында пайда болду. 1967-68-жылы Tata Computer Systems компаниясы түзүлдү.

Индиянын «айтиси» тез арада өнүгүп кеткен жок. Бирок беш жылдан кем эмес убакыт аралыгында IT-парктары үчүн атайын экономикалык аймак түзүлүп, ишке кирди. Алгач өнүктүрүү планы иштелип чыгып, негизги басымды билим деңгээлинин жогорулашына жасашкан. Мында үлгү катары «тизелеп калган абалдан» ишбилги премьер-министр Ли Куан Юнун арты менен тез эле чыгып кеткен Сингапурду тандап алышкан.

Индия өкмөтү алгач IT-тармагын өнүктүргүсү келген эмес

1970-жылдары Индияга мейнфрейм чыгарган Burroughs компаниясы келген. Ал Tata Computer Systems ишканасынын адистерине америкалык кардарлар үчүн системаны жайылтуу тапшырыгын берген. Бул буйрутма жаңы багыттын өнүгүшү үчүн бир секирик болушу керек эле. Коюлган тапшырма кызыктуу жана келечеги кең көрүндү. Бирок Индиянын IT-рыногу али баштапкы баскычта болчу. Анын үстүнө мамлекет баарын өз көзөмөлүнө алгысы келип, жеке компанияларга ишенбөөчүлүк менен карап жатты.

Burroughs компоненти

Индия өкмөтү атайылап бул тармакты өнүктүрүүгө жол бербөө үчүн коргоо чараларды көргөн: 1970-жылдары импорттук алымдар жабдууларды импорттоого 135%, ал эми программалык камсыздоого 100% көлөмгө чыккан.

Мындай чоң талаптардын айынан индиялык фирмалар керектүү нерселердин баарын сатып ала алышчу эмес. Ошондуктан алар тапшырык аткаруу үчүн чет элдик кардарга барышкан. Квалификацияны жогорулатууда да көйгөйлөр болгон. Мындай «бут тосуулардан» улам Индиянын программисттери «бар көрүнгөнү менен» өлкө экономикасына көп таасир бере алган эмес. Ошол себептен «бул багыт иштебейт, ошондуктан бизге кереги жок» деген түшүнүк 1984-жылга, тагыраагы, Ражив Гандинин премьер-министр болуп келишине чейин өзгөрбөй турган.

Ражив Гандинин келиши менен абал жакшы жакка өзгөрдү

Ганди 1984-жылы программалык камсыздоону жана жабдууларды импорттоо боюнча алымды 60%га чейин төмөндөттү. Программалоо иши экономиканын бир тармагына айланды. Буга чейин талап кылынган лицензиялоо операциясы да жокко чыгарылды. (Лицензия кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин чектөө жана бардык экономикалык аймактарды көзөмөлдөө үчүн зарыл болгон. Индиянын өкмөтү көп акчалуу аймактардын баарын монополдоштуруп, экономикалык өсүштү эки эсеге басаңдаткан эле).

Ганди. 1989-жыл

Индия бара-бара оффшордук программалоонун эң чоң борборуна айлана баштады. Раджив Ганди 1991-жылы өлгөнгө чейин бул тармакты өнүктүрүүнү улантты.

General Motors менен түзүлгөн келишим алгачкы ийгилик болду

Макаланын башында айтылган General Motors Electric менен түзүлгөн келишим жетишилген ийгиликтин алгачкы далили болду. 1991-жылы Индия G-77нин тизмесинде биринчи орунда турган. Бул IT-тармагында олуттуу өсүш болуп жатканынын айдан ачык далили эле.

Жергиликтүү билим берүү системасы барган сайын көбүрөөк адистерди чыгара баштады. Аларды чет элдик кардарлар тез арада тандап, Индиянын стандарттары боюнча чоң айлык акыларды сунуштап жатышты. Экономиканы бир эле мезгилде либералдаштыруу «орто шаардык класстын» акырындык менен көбөйүшүнө алып келди. Бүгүнкү күндө Индия экономикалык эркиндиктин индексинде 121-орунда болгону менен оң тенденциялар байкалууда.

Аралыктан иштөө мүмкүнчүлүгү эки абалды пайда кылды: индиялык адистердин саны көбөйдү, ал арада квалификациясынын төмөн болгону үчүн жоготууга учураган кадрлар да болуп жатты.

Мындай абал кесибин начар билген жумушчулардын эмгек акысынын азайышына алып келди. Жергиликтүү компаниялар футболдогу алмашуудай «отургучка өтүү» концепциясын ишке ашыра башташты. Ошентип сексенинчи жылдардан токсонунчу жылдарга чейин компаниялардын саны 700дөн ашты, кийинчерээк компьютерлердин наркынын төмөндөшү жана алардын өндүрүүнүн өсүшү, ошондой эле интернеттин келиши Индиядагы IT-өнүгүүгө жаңы түрткү болду.

Программисттин саны көбөйгөнү менен сапаты ошол бойдон тура берди

2004-жылы Индиянын IT-өндүрүшүндө 3170 компанияда 345 миң адам иштеген. Алардын кирешеси 12,2 миллиард долларды түзгөн. Индия «оффшордук программалоонун падышалары» Ирландия менен Израилден озуп өттү. Бирок квалификациянын төмөндүгү бир программисттин кирешесинин көлөмү боюнча салыштырып караганда даана байкалып турду. Мисалы, бир индиялык 33 миң доллар тапса, ирландиялыктын кирешеси 493 миң доллар, израилдиктики 273 миң доллар эле.

Ошол учурда NASSCOM өлкөгө чет өлкөлүк, биринчи кезекте америкалык кардарларды тартуу аракетин көрүп жатты. Бирок индиялык иштеп чыгуучуларга болгон суроо-талаптын өсүшү жана индиялыктардын өздөрүнүн IT-тармагына болгон кызыгуусу абалга терс таасирин тийгизди. Анткени алардын «эң жакшы» деп бааланган билими да талапка жооп бериши кыйын эле. Алсак, инженер-программалык камсыздоо адистиги боюнча окуган жалпы бүтүрүүчүлөрдүн 25%ы гана жумушка орношууга ылайыктуу болсо, башка тармактарда бул көрсөткүч 15%га араң жетчү.

Индия «аткаруучу-программисттерди» чыгарып жатты

Программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча индиялык адистер керектүү көндүмдөрдү чет өлкөдө окуп, иштеп жатып алышты. Жетиштүү деңгээлде тажрыйба топтогондору өлкөсүнө кайтпай, ошол жакта жумушка орношуп кала берди.

Жалпысынан Индия Сингапурдун жолун кайталоо кыялы ишке аша элек абалда эле. 2000-жылдардын башында индиялыктардын аутсорсинг багытындагы компаниялары кол менен саноого боло турганчалык аз болчу. Албетте, алардын арасында дүйнөлүк деңгээлге ээ жана көп жылдык тарыхы бар (мисалы, Tata Consultancy, Infosys, HCL Technologies, Wipro Limited жана башкалар). Бул тармактын ийгиликтүү өкүлдөрү да жок эмес эле.

Ошого карабастан, Индия көп учурда компетенттүү лидер жана так шарттар болгондо гана ар кандай тапшырмаларды сапаттуу аткарган «аткаруучу программисттердин» мекени деп аталат. Бул — өлкөдө квалификациялуу адистер жок дегенди билдирбейт, тескерисинче, алардын саны өтө көп. Бирок бул тармакка кирүү үчүн талаптардын жеңил болушу жана жакшы мүмкүнчүлүктөр IT-кесибине чыныгы талант ээлеринен сырткары «адашкан адамдардын» да агылышына алып келди.

Индиянын IT-экспорту 128,6 млрд долларга чыкты

2019-2020-жылдары Индияда IT-кызматтарынын экспорту 128,6 миллиард долларды түздү, жалпысынан бул тармакта 12 миллион жумушчу орун түзүлдү, миллиарддаган долларлык чет элдик инвестицияларды тарткан 7 миңден ашык стартап иштеп жатат. Технология тармагындагы негизги акча берүүчүлөргө АКШ, Евробиримдик, Тайвань жана Япония кирет (алар негизинен кызмат көрсөтүүлөргө, программалык камсыздоого жана жабдууларга инвестиция салат).

Программисти көп, бирок дүйнөлүк IT-компаниясы жок Индия

Акыркы 10 жылда кадрларды даярдоо боюнча абал жакшы жагына өзгөрдү, өлкөнүн калкынын жарымына жакыны интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. 2010-жылы алар жалпы калктын болгону 10%ын түзчү. Азыр программалоону окуткан 4 миң окуу жайы бар. Бирок индиялык иштеп чыгуучуларга эркиндиктин жана өз алдынча демилгенин жетишсиздиги, «мээлердин» сыртка тынымсыз агылышы кооптонуунун коңгуроосун кагып турат. Дүйнөлүк интернет компаниялардын тизмесинде бир да индиялык ишкана жок, алар жалаң америкалыктарга, кытайлыктарга таандык. Индустар иштеген ири компаниялардын баары чет элдик фирмалар экени да буга далил.

Азыр АКШ индус IT-адистерди Америкада даярдоого ниеттенүүдө. Индиянын өзүндө жергиликтүү жаштар IT-тармагына өз каалоосу менен эмес, ата-энелеринин өтүнүчү менен барышат, алар муну келечекке инвестиция деп эсептешет. Анткени бул жаатта орточо айлык акы башкаларга караганда 2,5 эсе жогору. Ошондуктан жаңы адистер «жетеленме» болуп келгени үчүн теорияда гана жакшы. Мындан тышкары сурамжылоолор көрсөткөндөй, тажрыйбалуу индус программисттердин көпчүлүгү программалоону өз алдынча үйрөнүшкөн.

«Индия — жакырлардын өлкөсү» деген оюм өзгөрдү (сапардан кийинки ой)

Copyright © 2017 Maral FM