Биз менен байланышыңыз

«Индия — жакырлардын өлкөсү» деген оюм өзгөрдү (сапардан кийинки ой)

Блог | 9 Июн 2019 | 445 | 0

“Индия жана Борбордук Азия” аталышындагы журналисттер үчүн уюштурулган иш-чаранын арты менен Нью-Делиге аттанып калдык. Визаны алган күндөн тарта Индия тууралуу маалыматтарды караштыра баштадым. Андагы көз карашым кудум Өкмөттүн Чүйдөгү өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдукундай болчу. Жакыр, жарды, ыплас жашаган калктын сүрөтү бар эле көз алдымда…

3 күн бою “Аэрофлотко” наалат айтып…

Ошентип Бишкектен 4 журналист сапарга аттандык. Индиянын Пакистан менен мамилеси салкындап турганы үчүн Кыргызстандан же Казакстандан Нью-Делиге түз уча албайт элек. Эң жакын жол Москва аркылуу экен. Башкача айтканда, Борбордон Жалал-Абадга барып, кайра Ысык-Көлгө келгендей болдук. Баарыбыз бийдин, кинонун мекенине биринчи жолу баратканыбыз үчүн 12 сааттан көпкө созулган учуу кыйынга турган жок. “Ох, жеттик” деп Индира Ганди аба майданына түшкөндө башталды кызыктын баары. Көрсө, өзүбүз жеткенибиз менен жүктөрүбүз Маскөөдө кала бериптир. Түнү келет деп бизди ишендиришип жолго салышты. Сыртка чыксак, Индиянын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери тосуп алып, мейманканага алып жөнөштү. Өзүбүзчө: “Азыр барып эс алып турсак, түнү менен жүгүбүз келип калат экен. Эч нерсе эмес”,-деп капарга албай жүрдүк. Taj Palace деген мейманканага келдик. Улуттук кийим кийинген кароол бизди “намасте” деп тосуп алды. Алмазбек Атамбаев президент болуп турган учурда келгенде ушул мейманканада калган экен. Баары шарты мыкты, тейлөөсү жогорку деңгээлде, бирок көңүлүбүз жайында эмес. Кечинде келет деген жүгүбүз 3 күндөн кийин араң келди. Ага чейин океңдердин тейлөөсүнө нааразы болуп, “Аэрофлотко” наалат айтып жүрдүк. Жүк келгенге чейин расмий жолугушуулардын баары бүткөн болчу. Башка борбордук азиялык мамлекеттердин өкүлдөрү бизге тамашалап: “Кыргыздар ушунчалык эркин эле экенин билбептирбиз”,-деп жүрүштү.

Индия илгерилөөгө бет алыптыр

Индияданын 19 расмий тили бар экен. Ооба, бул диалектилер эмес, расмий кабыл алынган тили. Расмийлер менен болгон жолугушууда өлкөнүн амбициясы, алдыга койгон максаты чоң экенин билдик.

Атайын инвестициялык агенттиги түзүлүп, өлкөгө инвестиция тартуу жагы бир жолго салынган экен. Салыктын бир эле түрү бар жана Азияда коррупциянын аздыгы боюнча биринчи катардагы өлкө. Андан тышкары кылмыштуулуктун аздыгы жана өлкөдөгү туруктуулук сыяктуу ишкердикке таасир этүүчү тармакта Индия алдыда турарын айтып беришти. “Make in India”долбоорун иштеп чыгышып, дүйнөгө кучагын жайып турган кербези экен. Агенттиктин жаш кызматкерлери ишмердүүлүгү менен тааныштырып жатып, “Ички дүң өндүрүмдүн көлөмү боюнча күзүндө Германияны артта калтырабыз” деген ишенимдүү сөзү “чын эле өнүгүү жолунда экен” деген ойду бышыктады.

Индияда калктын ар кандай катмары жашайт. Диний ишеними да ар кандай болгону менен бири-бириникине сый-урмат менен карашат экен. Андан тышкары аябай байды, күнүмдүк оокатын эптеп тапкан кедейди да көрүүгө болот. Велосипедге араба чырмаштырып, адамдарды ташып нан тапкандарды да көрдүк. Бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшкөнүбүздө жакырчылык менен күрөшүү да негизги көйгөйлөрдүн бири экенин айтып, ал үчүн аракеттер көрүлүп жатканын да белгилешти. Бирок бул убакыттын өтүшү менен чечиле турган маселе экени айдан ачык.

Жөлөк пулдар, пенсиялар мурда колдон колго өтүп берилип келген болсо, кийин дээрлик ар бирине банктык эсеп ачып, бул көйгөйдү жөнгө салышыптыр.

Бул өлкө мурда Англиянын карамагында болуп келгени үчүнбү, айтор, англисче билгендер четтен чыгат. Көчөдө өтүп бараткан адамдан да “Excuse me” деп суроо узатсаң, жооп берип, жардам көрсөткөнгө маш экен. Жалгыз шаар араласаң да өзүңдү чочун сезбей, коркпой жүрсөң болот. Өздөрү да бири-биринин тилин түшүнбөй калган учур көп кездешет. Массалык маалымат каражаттарынын англисче берүүлөрдү даярдаганынын бир себеби да ушул. Аларды медиаларына алдыда дагы кайрылабыз.

Сыры арбын Таж-Махал

Баргандан эртеси күнү жети кереметтин бири болгон Таж-Махалга аттандык. Борбордон 300 чакырым алыс жайгашкан Агра шаарында экен.

Бул комплекс жалаң мрамордон салынган жана 1632-жылы курулуп баштап, 1653-жылдары бүткөн. Ага керектүү материалдар Индиядан башка да Азия өлкөлөрүнөн пилдер менен ташылып барылган.

Ошол учурда Бабуриддердин падышасы Шах Жахан өзүнүн жубайы Мумтаз Махалдын урматына курулуп, кийин падыша менен жубайынын сөөгү да ошол жерге коюлган. Ак мраморлордун ортосуна ар кандай гүлдөрдүн сүрөтү кошулуп, атайын фонарь менен жарытканда күйгөндөй көрүнөт. Имараттын ичине Куран аяттары жазылганын көрүүгө болот. Мени дагы бир таң калтырганы, имараттын ичинде азан айтканда, ар бир саптан кийин үн жаңырып, ошол айтылганды толугу менен кайталап турат. Имарат күндүз ак түстө көрүнсө, караңгыда күмүш түскө өзгөрөт.

Учурунда Таж-Махалды курууга 20 миң кызматкер тартылган экен. Дагы бир өзгөчөлүгү, жер титирөө болуп, имарат урай турган болсо, ичине карап эмес, сырт жагына карап кулайт. Архитекторлор атайын ушинтип иштеп чыгышкан.

Учурда бул жерге күнүнө 5000ден көп турист барып турат.

Тарыхты мыкты чагылдырган «Акшардам»

Акшардам-Гиннес китебине кирген индус чиркөөсү. Ал 2000-жылы курулуп баштап, 5 жылдан кийин колдонууга берилген. Ал үчүн 500 млн АКШ доллары сарпталып, 7 миң уста курган.

Ал жерди сүрөткө жана видеого тартууга болбойт. Кирүү акысы 100 рупийди түзөт. Жалпысынан 20 миң архитектура орнотулган. Чети коргоого алынып, бир катар имараттан турат. Анын негизгисинде алтын түстө индустардын кудайынын эстелиги коюлуп, кирип сыйынгандардын саны көп.

Андан чыгып, бир сырдуу эшиктен кирдик. Кирерибиз менен эле суу аркылуу кайык агып келди. Көрсө, Индиянын байыркы доорунан баштап, азыркыга чейинкисин атайын иштеп чыгып, 10-15 мүнөттө таанышып чыга тургандай кылып жасашыптыр. Кайыкка отурарың менен эле ал акырын жылып барып, сууга түшөт. Айлана караңгы. Индустардын байыркы тарыхынан баштап, колонкадан маалымат бериле баштайт. Ал эми суунун эки жээгинде ошол кездеги жашоо турмушун чагылтырган жасалгалар, айкелдер орнотулган. Кайык улам жылган сайын ошол замандан бери көздөй алардын турмушу чагылдырыла берет. Ошол учурдагы кол өнөрчүлүк, өндүрүш, кайра иштетүү, дыйканчылык сыяктуу артыкчылыктары көрсөтүлгөн. Кайык акырын жылып отуруп, азыркы өнүккөн учуруна жетет. Чыга бериште Индиянын келечеги кең экенин, дагы да өнүгүп алдыга чыга турганын баяндап, кайык акырын көтөрүлүп кургакка чыгат да токтойт. Бул өлкө тарыхын түшүнүктүү, жеткиликтүү кылып түшүндүрүүнүн бир жолу деп ойлоп калдым. Биз да эске алып, бир жылы Көчмөндөр оюндарын өткөрбөй коюп, бул нерсени ишке ашырсак, туристтер үчүн да кызык болсо керек…

Акшардамда күн сайын кечинде “Water show” деп фонтандардын оюну өтөт экен.

“Кыргызстанды Борбор Азияда демократия эң көп жайылган өлкө деп билебиз”

Сапардын жүрүшүндө жергиликтүү каналдардын бирине барып калдык. Анда каналдын кызматкерлери менен маектешүү жүрүп, Индиядагы маалымат каражаттары тууралуу маалымат алдык. Өлкөдө расмий тил көп болгону үчүн анлис тилиндеги берүүлөр көп берилет. Биз барган учурда Индияда шайлоо өнөктүгү жүрүп, иш кызыган маал болчу. Алардын айтышынча, бул өлкөдө дээрлик бардык эле массалык маалымат каражаттары жеке менчикте жана эркин чагылдырат. Бийлик тараптан кысым же цензура жок экен.

Кийин Тышкы иштер министринин сый тамагы болуп, ага элчилер жана жергиликтүү журналисттер да чакырылды. The Wire басылмасынын өкүлү менен сүйлөшүп отурдук. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасында Кыргызстанда сөз эркиндиги алдыда экенин сыймыктануу менен айттым. Маектешимден биз тууралуу эмне билерине кызыктым. “Кыргызстанды Борбордук Азияда эң демократиялуу өлкө деп билем” деген жооп болду. Кандай жагымдуу… Анын сөзүн улап, элибиз эркиндикти сүйөрүн, бийликке да өз талаптарын коё билерин айтып мактандым. Бирок ичимден “Кана эми, экономикасы өнүккөн, же туризми укмуш, экспорттун көрсөткүчү эң жогору жана ушул сыяктуу артыкчылыкты уксам” деп кала бердим.

“Дүйнөнү жарыктандырабыз” деген максаты бар

ISA (International Solar Alliance) күндөн электр энергиясын алуунун жолун таап, бул ыкманы дүйнө менен бөлүшүүнү туура көргөн. Ал үчүн атайын альянс түзүлүп, ага 75 өлкө кошулуп, 52си ратификиялоого макулдугун берип, мүчө болгон. Кыргызстан да кошула аларын айтып, Индия кызматташууга даяр экенин билдиришти.

Аталган агенттик Борбор Азиянын ар бир мамтекетинен кызматкерлерди кабыл алып, аларды окутууга даяр экенин да билдиришти. Кызыгы, баары акысыз болуп, өздөрү камсыздоого кызыкдар экен.

Андан тышкары Аполло ооруканасына бардык. Боор алмаштыруу үчүн кыргызстандыктар ошол ооруканага барышат экен. Операциянын баасы кымбат экенин айтып калышат эмеспизби. Бирок Индиянын дарыгерлери учур-учуру менен Кыргызстанга келип, операция жасоого даяр. Мындай сунушту бир учурда Кыргызстандын элчилигине берип, бирок жооп ала алышпаганын айтышты. Кесиптешибиз Дилбара Алимова муну азыркы элчи Асеин Исаевге айтып, элчилик кызматташууну баштамай болушту.

Поезд, метро, аскердик техникаларды чыгарат

Делидеги сапарыбыз карып, Бангалор шаарына жөнөдүк. Ал океанга жакын жайгашканы үчүн салкын шаар экен. Поезд, метро чыгарган заводуна бардык. BEML компаниясы тоо-кен, аскердик жана оор техникаларды чыгарып, 68 өлкөгө экспорттойт. 1964-жылы түзүлгөн ишкана Коргоо министрлигинин карамагында экен. Анда жалпысынан 7185 кызматкер эмгектенет. Индиядагы дээрлик бардык метро техникалары ушул заводдон чыгат экен. Бүгүнкү күнгө чейин 18000 вагон, 700 локомотив 1500 метро иштеп чыгыптыр. Андан тышкары улуттук банкы үчүн да акча ташуу үчүн атайын техникаларды да чыгарып келет экен.

Элчиликке рахмат

Жогоруда сөз болгондой, кийим-кечебиз салынган жүгүбүз 3 күн кечигип келгени үчүн элчиликтин номурун таап, кабарлап, догурунуп эле имаратына кирип бардык. Анда элчи Асеин Исаев өзү жолугуп, аны менен маектешип отурдук. Жагдайды түшүнүп, элчиликтин кызматкерлери бизди маркетке алып барып, кийинтип, кечки Делинин кыдыртты. “Бир нерсе болсо, элчиликке кайрылабыз” деп Индияда ишенимдүү жүрдүк. Бангалордо да базарлык кылабыз деп элчиликке кайрылып, алардын өкүлү бизди базар кыдыртып жүрдү. Кыргызстандын Индиядагы элчилигине да ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалайбыз.

Жараткан бизге да индустардыкындай өнүгүүнү насип этсин.

Copyright © 2017 Maral FM