Биз менен байланышыңыз

Индияда коронавирус жуктуруп алуунун рекорддук учуру катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 709 | 0

Акыркы суткада Индияда 314 миң 835 адам коронавирус менен катталды. Бул дүйнө жүзү боюнча пандемия учурундагы эң жогорку чек катары белгиленди. Бул тууралуу «Рейтер» агенттиги билдирди.

Өлкөнүн түндүгүндө жана батышында, анын ичинде баш калаа Нью-Делидеги ооруканаларда бейтаптар үчүн кычкылтек жана орундук жетишсиз болуп жатканы айтылууда.

Коронавирустук инфекциянын жаңы учурлары боюнча мурунку дүйнөлүк рекорд АКШда ушул жылдын январь айында коюлган. Анда АКШда бир суткада 297 миң 430 адамдын оору жугузуп алганы аныкталган.  

Индия COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Пандемия күч алып турган учурда 15,9 миллиондон ашуун адам коронавируска чалдыгып, анын ичинен 184 миңден ашык адам каза тапкан. 

Copyright © 2017 Maral FM