Биз менен байланышыңыз

Индияда чектөө чаралары жеңилдетилди

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Июн 2021 | 915 | 0

Индиянын борборунун бийлиги апрелде коронавируска чалдыккандардын саны кескин көбөйүп кеткендигине байланыштуу чектөөлөрдүн жеңилдегенин жарыялады. Акыркы күндөрү Делиде коронавируска чалдыккандардын саны 28 миң учурдан 500гө чейин түшкөн. Ошол эле учурда, борбор калаада эпидемиянын үчүнчү толку күтүлүп, ага кычкылтек консентраторлорун камдап жатышканы айтылууда.

7-июндан баштап Делидеги базарлар, дүкөндөр жана супермаркеттер кезектешип ачылат. Ал эми дарыканалар, азык-түлүк дүкөндөрү күн сайын иштейт.

Ошондой эле, кеңсе кызматкрлерине 50%дан ашпаган санда келип иштөөсүнө уруксат берилди. Метролор дагы жүргүнчүлөрдүн аралыкты сактоосу менен ишин улантат. Бир жума мурун заводдордун, курулуш компанияларынын иши жанданды.

Индиянын дээрлик баардык аймагында эпидемиологиялык кырдаал жакшырууда. Экинчи толкундун пик учурунда коронавирус бир сутка ичинде 400 миңге чейин катталып жаткан.

Өлкөдө пандемия башталгандан бери 28 млн 808 миң 372 адам коронавируска чалдыгып, 346 миң 784 адам каза тапты. Жалпы вирус жуккандардын саны боюнча Индия экинчи орунда турса, жалпы каза табуулардын саны боюнча үчүнчү орунга чыкты.

Copyright © 2017 Maral FM