Биз менен байланышыңыз

Индияда коронавирустун кезектеги антирекорду катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 мая 2021 | 926 | 0

Индия коронавируска чалдыккандардын саны боюнча дагы бир антирекорд койду. Өлкөдө бир күндө жалпысынан 414,1 миң жаңы учур аныкталганын «Рейтер»» агенттиги жазды.

Натыйжада, бир жума ичинде вирус жугузгандардын саны 1 миллион 570 миң адамга, ал эми пандемия башталгандан бери вируска чалдыккандардын саны 21 миллион 490 миң адамга жетти.

Медицина адистеринин айтымында, Индиядагы оорулуулардын чыныгы саны расмий маалыматка караганда 5-10 эсе көп.

Премьер-министр Нарендра Моди Индия штаттарында коронавируска каршы эмдөөнүн деңгээли сакталышы керек деп баса белгиледи.

Өлкөдө 157 миллион доза вакцина колдонулганына карабастан, акыркы күндөрү эмдөөлөрдүн көрсөткүчү кескин төмөндөдү.

Индия дүйнөдөгү эң ири вакцина өндүрүүчү болгону менен, дозалар COVID-19 толкунун токтотууга жетишпей жатканы белгиленди.

Индия кыйын кырдаалга кептелди

Copyright © 2017 Maral FM