Биз менен байланышыңыз

Индия кыйын кырдаалга кептелди

Дүйнө | 27 Апр 2021 | 1421 | 0

Индиянын борбору Делиде ар бир 4 мүнөттө бирден адам каза таап жатканы айтылууда. Расмий маалыматтарга караганда, күн сайын каза болгондор көрсөткүчү 3 миңге жакын, бирок жергиликтүү тургундар көрсөткүч андан да көп экенин белгилеп келишет.

Бешинчи күнү катары менен Индияда коронавирустук инфекцияны күнүмдүк жуктуруп алуу рекорд койду — акыркы суткада 300 миңден ашуун жаңы учур аныкталды. Пандемия башталгандан бери вируска кабылгандардын жалпы саны дээрлик 20 миллионго жетти.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди: «Өлкө жаңы толкундун очогунда калды», — деген билдирүү жасады.

— Коронавирус биздин сабырыбызды сынап жаткандай. Баарыбыздын жакындарыбыз көз жумуп, айлабызды таппай турган кезибиз. Биринчи толкунду ийгиликтүү жөнгө салгандан кийин биз ишенимдүү болуп калган элек. Бирок кезектеги коронавирус бороону элдин үрөйүн учурду».

Экинчи толкунга даярдыксыз кабылган бийлик сынга алынууда.

2021-жылдын башында Индия бийлиги пандемияны көзөмөлгө алдык деп ойлошкон, бирок февралдын ортолоруна келип, вирус жугузгандардын саны суткасына 11 миңден ашып баштаган соң, Индияда коронавируска каршы эмдөө башталган. Индия массалык эмдөө алуу боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты.

Индиянын көптөгөн шаарларындагы ооруканалардын айланасында коронавируска кабылган бейтаптардын узун кезеги түзүлгөн, ал эми медициналык жайларда бош орун калган эмес.

В начале 2021 года индийские власти считали, что им удалось взять пандемию под контроль: в середине февраля показатели заболеваемости упали до 11 тысяч в сутки, в стране началась вакцинация.

Ооруну жуктуруп алгандардын саны өскөндүктөн, ооруканаларда оор абалдагы бейтаптарга кычкылтек жеткирүү маселеси жаралууда.

Госпиталдар мүмкүнчүлүгү калбай калганын айтып, коңгуроо кагып келишет. Бийлик жабыркагандар көп болгон аймактарга поезд менен газ баллондорун жөнөтүп жатышат. Кычкылтекти жеткирүүгө Индиянын аскер кызматкерлери да тартылган. Атайын кислороддук поезддер эле эмес, авиациялык транспорттор да ташып жаткан учуру.

Делинин башкы министри Арвинд Кежривалдын айтымында, дагы деле кычкылтекти жеткирүү мүмкүн болбой жатат:

— Бизде медициналык кычкылтек таңкыстыгы аябай көйгөй жаратууда. Күнүнө 700 метр тонна керектелүүдө. Бийлик 500 таннадай бөлүп берди, бирок аны да толук ала элекпиз.

Ооруканаларда орун жоктугунан кычкылтегин сүйрөп алып, көчөдө элди кабыл алып жаткан медицина кызматкерлерин байкоого болот.

На фоне роста заболеваемости больницы испытывают нехватку кислорода для тяжело болеющих пациентов

Ошондой эле өлкөдөгү дагы бир көйгөй ар бир 4 мүнөт сайын каза болгондор чыгып жаткандыктан, элдер өлгөндөрдүн сөөгүн өрттөөгө жетишпей калышууда.

Ооруканада кезек күткөндөй эле, жакындарынын сөөгүн ороп алып, крематорийде кезек күткөндөрдүн саны арбыды. Сөөк өрттөөчү крематорийлер толуп калгандыктан, каза тапкандардын сөөгүн көчөдө эле өрттөөгө туура келүүдө. Мунун айынан маркумдарды өрттөгөн жайлар күнү-түнү тынымсыз иштеп жаткан учуру.

Айрымдар вирустун кеңири жайылышын адамдардын санитардык эрежелерди сактабай, той-топурларды, саясий иш-чараларды кеңири өткөрүп, миллиондогон адамдарды чогулткан диний майрамдарды уюштурганынан көрүшөт. Башкалары буга коронавирустун Индияда пайда болгон жаңы «эки жолу мутацияланган» түрү себеп экенин айтышат.

Көптөгөн эксперттер: «Индия кезектеги толкунду аз дегенде 3 жумада жеңип чыгат», — деп болжолдошууда.

Индияга жардам берүү үчүн Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2 миң 600 дөн ашык медицина кызматкерин жөнөттү.

Улуу Британия, Америка, Германия жана Евробиримдик сыяктуу дүйнөлүк державалар Индияга жардам колун сунду.

Бул арада, соңку кырдаалдан улам бир катар мамлекеттер, анын ичинде Иран да Индия менен Пакистанга авиакаттамдарын чектеди. Андан сырткары, Бангладеш, Нидерланды, Араб Эмирлиги, Канада, Австралия өлкөлөрү да Индиядан учкан авиакаттамдарды кабыл алуусун токтоткон.

Copyright © 2017 Maral FM