Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Индияда кайрадан антирекорддук көрсөткүч катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 1337 | 0

Акыркы суткада Индияда 379 257 адам коронавирус инфекциясы менен ооруп, 3600дөн ашуун адам ушул оорудан көз жумду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Бул — пандемия башталгандан берки абсолюттук рекорд. Эл аралык коомчулук өлкөгө жардам берүү үчүн күчтөрүн бириктирип жатат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, акыркы жети күндө планетада катталган инфекциялардын жалпы санынын үчтөн биринен көбү Индияда болгон.

Индия коронавируска чалдыккандардын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө 18,3 миллиондон ашык адамга COVID-19 диагнозу коюлган.

Акыркы учурда Индия коронавирустун очогуна айланып, дары-дармектерге жана башка медициналык каражаттарга муктаж болуп турат. Вирусту жуктургандар көп катталгандыктан, ооруканаларда бош орун калбай, кычкылтек концентраторунун таңкыстыгы жаралган. Ошондой эле өлгөндөрдүн санынын көптүгүнөн, маркумдарды өрттөөчү жайда кезек күткөндөрдүн саны арбын.

Индия кыйын кырдаалга кептелди

Copyright © 2017 Maral FM