Биз менен байланышыңыз

Орусия Индияга медициналык жардам көрсөтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Апр 2021 | 902 | 0

Жакынкы күндөрү Орусия коронавируска каршы күрөшүүсү үчүн Индияга медициналык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жарыялады.

Маалыматка ылайык, Орусия бийлиги Индияга кычкылтек концентраторлорун, антибиотик, ИВЛ-аппарат жана башка медициналык-фармацептикалык каражаттардын партиясын жиберет. Ага кошумча «Sputnik V» вакцинасынын биринчи партиясы май айынын башында берилет.

Эске салсак, буга чейин Индияга Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму 2,5 миңден ашуун медицина кызматкерин жөнөткөн. Ошондой эле Улуу Британия, Америка, Германия, Европа Биримдиги ИВЛ-аппараттарын, вирустан коргоочу каражаттарды, 30 млн доза «AstraZeneca» вакцинасын жардам катары жиберген.

Акыркы учурда Индия коронавирустун очогуна айланып, дары-дармектерге жана башка медициналык каражаттарга муктаж болуп турат.

Индия кыйын кырдаалга кептелди

Copyright © 2017 Maral FM