Биз менен байланышыңыз

Тагаев: Пакистан, Индиядан келген 20 миң студенттен 100 млн доллар түшөт

Кыска кабар | 24 Дек 2020 | 1014 | 0

Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизип койсо да, Билим берүү жана илим министрлиги менен Тышкы иштер министрлиги реакция кылбай жатканын депутат Эрмамат Тагаев бүгүнкү жыйында билдирди.

Анын айтымында, Пакистандан жана Индиядан келген 20 миң студенттен орто эсеп менен жылына 100 млн доллар түшөт.

«Тогуз айда окуу акысы эки миң доллар болсо, 3,5 млрд сом түшөт экен. Тамак-ашына 2 млрд 700 млн сом, жатаканасына 630 млн сом, коомдук транспортко 270 млн сом, кийим-кечесине 70 млн сом, байланыш-интернетке 72 млн сом, айта берсе өтө көп, ошондо жалпы 100 млн доллар түшөт экен. Бул — түз инвестиция. Кыргызстандын ички дүң өндүрүмүнүн 1,2 %ын түзөт», — деди Тагаев.

Ошондой эле ал Индиядан жана Пакистандан келген абитуриенттерди университеттерге өткөзүүдө ортомчулар акча алып жатканын айтып, ага карата тийиштүү органдарды чара көрүп коюуга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM