Биз менен байланышыңыз

Пакистандагы жардыруудан полиция кызматкери каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 917 | 0

Пакистандын түштүгүндөгү Белужистан провинциясында бомба жарылып, бир полиция кызматкери каза болуп, беш адам жаракат алды.

Аймактык бийликтин айтымында, Кила-Абдулла районунун борбору Чаманга айылында коопсуздук күчтөрдүн унаасы өтө турган жолго жардыргыч зат коюлган.

Кол салуу премьер-министр Имран Хандын окуя болгон жерден 75 чакырым алыстыктагы Кетта шаарына жасаган бир күндүк иш сапары учурунда болгон. Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчиликти ала элек.

Copyright © 2017 Maral FM