Биз менен байланышыңыз

Президент Пакистан элине учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты

Кыска кабар | 23 мая 2020 | 844 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Пакистандын президенти Ариф Алвиге Карачи шаарындагы аэропортунун жанында учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Карачи шаарындагы аэропорттун жанында Airbus A320 учагынын күтүүсүз кыйрагандыгы жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сизге жана бүткүл Пакистан элине бул кырсыктын кесепетинен каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтып, жабыр тарткан адамдардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм, — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

22-майда Карачи шаарына жакын эл жашаган аймакка кулаган учактан 76 адам каза болгон. Учакта жалпы  91 жүргүнчү болгондугу маалымдалган.

Copyright © 2017 Maral FM