ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Кинологиялык борборунун кызматкерлери Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз жоголгон 1979-жылы туулган К.Б. аттуу жарандын сөөгүн табышты.
Бул тууралуу ички иштер министрлигининин маалымат кызматы 14-ноябрда кабарлады.
14-ноябрда кызматтык-издөөгө тартылган иттердин жардамы менен дарыянын жээгинен адамдын сөөгү табылды. Кызматтык ит жоголгон жарандын жытын сезип, анын сөөгүн Көкөмерен суусунун боюнан тапкан.
Учурда баланы издөө иштери уланууда.
Жумгалда дайынсыз жоголгон ата-баланы издөө 16-октябрдан бери жүрүп жаткан. Издөө иштерине укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ыктыярчылар жана жергиликтүү тургундар тартылган.