Connect with us

Темирлан Султанбеков жана бир катар партиялаштары камакка алынды

Кыска кабар | 14 Ноя 2024 | 266 | 0

Алдыда өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо үчүн шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектелип “Социал-Демократ” саясий партиясынын лидери жана бир катар мүчөлөрү кармалды.

Буга чейин социалдык тармактарда жогоруда аты аталган партиянын мүчөлөрүнүн добуштарды сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрү тараган. Анын негизинде, Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жогорудагылардын негизинде күбө катары “Социал-Демократ” партиясынын лидери Т. С. жана бир катар мүчөлөрү К.И., А.Р., А.Н., С.Б., А.К., Ч.Д., Н.Н., Т.Р. А.Б. суракка алынып, алардын ичинен К.И., Т.Р. жана учурда Т.С кармалып, кылмыш жасагандыгы боюнча айыпталган.

Кармалган жарандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен бардык катышкан адамдардын аракеттерине мыйзам чегинде юридикалык баа берилет.

Copyright © 2017 Maral FM