Connect with us

УКМК төрагасы: Добуш сатып алуу аракети болуп жатат

Кыска кабар | 14 Ноя 2024 | 145 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутатарын шайлоону таза өткөрүү үчүн аракет жасалып жатканын айтты.

Ал шайлоого катышуу үчүн бараткан партиялар, талапкерлер текшерилип, 30дай адамдын талапкерлиги алынганын билдирди.

«Себеби алардын мурда уюшкан кылмыш топторуна жана кылмыштуулукка тиешеси бар болгону аныкталган. Баарын тазалап салдык деп айтуу кыйын экен, бирок мамлекет шайлоону таза өткөрүү үчүн шарттарды түзүп жатат. Мамлекет бир да партияны, талапкерди колдобойт. Эл өзү тандап, өзү шайласын. Кечээ эле бир чоң партиянын штабынан, өздөрү түздөн-түз уюштуруп, добуш сатып алууну пландашкан. Тизме түзгөн. Ошонун баарына мыйзам чегинде чара көрүп жатабыз. Ошол партиядан 3-4 адам камакка алынды. Шайлоо болуп жаткан күнү да ушундай болот. Укук коргоо органдары бардык шайлоо участокторунда, көчөлөрдө да иштешет», — деди Ташиев.

Ал мамлекеттик органдардын кызматкерлерине да үгүт иштерине аралашуудан алыс болууга чакырды.

13-ноябрдын кечинде «Социал демократтар» саясий партиясынын штабында тинтүү жүргүзүлүп, партия лидери Темирлан Султанбеков суракка алынган. Партия мүчөсү Ирина Карамушкина Фейсбуктагы баракчасына штабга тергөө тобу келгенин жазды. Кийинчерээк ал да суракка алынган.

14-ноябрга караган түнү «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү, мурдагы депутат Ирина Карамушкина жана партиянын расмий өкүлү Т.Р. аттуу жаран кармалганы белгилүү болду.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин «Добуштарды сатып алуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Маалыматта партиянын расмий өкүлү жана партиянын шайлоо штабынын координатору макулдашып, добуш сатып алууга аракет кылышканы айтылат.

Кыргызстанда 17-ноябрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. Ал үчүн өлкө боюнча 56 аймактык жана 2438 участкалык шайлоо комиссиялары түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM