14-ноябрда саат 4:30 чамасында милиция кызматкерлери Социал — демократтар партиясынын төрагасы, Темирлан Султанбековду атасын кошуп үйүнөн күчтөп, унаага салып кетишкен . Бул тууралуу анын адвокаты Айбек Турдуев билдирди.
Адвокыттын айтымында учурда Султанбеков атасы менен кайда экенин белгисиз.
«Социал демократтар» партиясынын төрагасы Темирлан Султанбековду жана атасын үйү тараптан күчтөп, унаага салып кетишкен учурду Кадыр Атамбаев фейсбук баракчасынан түз көрсөткөн. Ал муну «мыйзамсыз, киши уурдоо» деп атаган.
Учурда Бишкек шаардык милициясы ата-бала Султанбековдордун кармалышы тууралуу маалымат бере элек.
13-ноябрь күнү кечинде да Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбеков Бишкек шаардык милициясына суракка чакырылган. Бир нече саатка созулган сурактан кийин коё берилген.
Бул аралыкта Социал демократтардын Бишкек шаардык кеңешине шайлоодогу штаб башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын Роза Турксевер аттуу тарапташы кармалган.