Кыргызстандын калкынын 11%ы психикалык бузулуулардан жабыркайт. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстандагы өспүрүмдөрдүн дээрлик үчтөн бири шылдыңдоого дуушар болушат, бул алардын физикалык жана психикалык саламаттыгына терс таасирин тийгизип, билимге болгон кызыгуусунун төмөндөшүнө, тынчсызданууга, стресске жана өзүн-өзү сыйлабоого алып келет.
Адистер Кыргызстандагы жаштардын психикалык жактан жабыркашынын бир канча себеби бар экенин белгилешет. Алардын пикиринде, мындай көйгөйлөрдү түшүнүү үчүн социалдык, экономикалык жана маданий факторлорду эске алуу керек.
Психолог Алтынай Давлетова өлкөдө жаштардын психикалык бузуулардан жабыркашына психологиялык жардамдын жетишсиздигин жүйө келтирди.
Ал жаштар арасында психологиялык жардамга кайрылуу маданиятын жайылтуу керектигин сунуштайт.
«Кыргызстанда жаштар арасында психологиялык жардам жетишпейт. Психологиялык жардам алуу системасы өтө өнүккөн эмес. Жаштар арасында психологиялык жардамга кайрылуу маданияты жетишсиз. Анткени психикалык оорулар көбүнчө табуланган жана коом тарабынан кабыл алынбай турган маселелер катары каралат. Мындай учурда алар өз көйгөйлөрүн түшүнбөстөн, үйрөнбөй, эч кимге айтпай, жабыркай беришет. Булардын негизинде жаштардын психикалык ден соолугун жакшыртуу үчүн коомдук билим берүү, психологиялык колдоо кызматтарын жеткиликтүү кылуу жана жаштардын келечегине ишеними менен мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу үчүн олуттуу иш-аракеттер жасалышы керек».
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Саламаттык сактоо министрлиги жана коомдук саламаттык сактоо ассоциациялары менен биргеликте өлкөдөгү психикалык ден соолуктун актуалдуу маселелерине арналган тегерек столдорду өткөрүп келет.
Анда балдарга жана өспүрүмдөргө психиатриялык жардам көрсөтүүнү жакшыртуунун зарылдыгына, психикалык ден соолукту коргоо жаатындагы кызматтарды алуудагы тоскоолдуктарды аныктоого жана чоңдордун жашоосунда жана ишинде узак мөөнөттүү көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн аларды чечүү жолдору талкууланат.
Психолог Артур Уланбаев жаштардын психикалык саламаттагына социалдык жана экономикалык көйгөйлөр да терс таасирин тийгизерин белгиледи.
Айтуусунда, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн тартыштыгы алардын келечекке болгон ишенимин төмөндөтөт.
«Экономикалык кыйынчылыктар жана жумушсуздук да жаштардын психикалык саламаттыгына терс таасирин тийгизет. Кыргызстандагы жаштардын көпчүлүгү жогорку билим алууга аракет кылса да, жумушсуздук жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн тартыштыгы алардын келечекке болгон ишенимин төмөндөтөт. Бул «стресс» жана «депрессия» сыяктуу психикалык көйгөйлөргө алып келет. Жаштар көбүнчө өз алдынча турууну үйрөнүп, карьерасын куруу үчүн көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушат.
Ал эми социалдык басым жана турмуштук чакырыктар да алардын психологиясына таасир берет. Кээде жаштарда коомдук жана үй-бүлөлүк басымдар көп болот. Ал эми коомдук өзгөрүүлөргө жараша жаштардын маанайы жана келечектеги максаттары өзгөрөт. Мисалы жаштар көбүнчө ар кандай чектөөлөргө каршы турууга аракет кылат, бирок мындай кадамдар ар кандай психикалык ооруларга алып келиши мүмкүн».
Жаштардын психикалык саламаттыгын чыңдоо үчүн психологдор бир нече маанилүү сунуштарды беришет. Мисалы эмоционалдык туруктуулукту камсыз кылуу, стресс менен күрөшүү жана психологиялык жардамды ачык кабыл алуу жана башкалар сунушталат.
Психолог Айбике Кариеванын айтымында, жаштар өзүн баалоонун маанисин түшүнүү керек. Ошондой эле адис эмоцияларды аныктап, аларды башкарууга үйрөнүүнү сунуштады.
«Жаштарга өзүн сыйлоо жана өзү жөнүндө жакшы ойлоону үйрөнүүнү сунуштайбыз. Өзүнүн күчтүү жактарын жана жетишкендиктерин түшүнүү, өзүн жогору баалоо жаштарга стресс жана депрессия менен күрөшүүгө жардам берет. Позитивдүү ой жүгүртүү, өзүңө көңүл буруу жана өзүнүн жетишкендиктерин белгилөө психикалык саламаттыкты чыңдайт. Эмоцияларды аныктап, башкарууга үйрөнүү керек. Эмоцияларды түшүнүү жана алар менен туура иштешүү — жаштар үчүн маанилүү машыктыруунун бир бөлүгү».
Мындан тышкары адистер стресс жана маанайдын төмөндөөсү менен күрөшүү керектигин айтышат.
Стресс – жаштардын психикалык ден соолугуна терс таасир эткен негизги факторлордун бири.
Психологдор жаштарга стресс менен күрөшүүнүн ар кандай ыкмаларын сунуштайт:
- терең дем алуу стресстен арылууга жардам берет
- спорттук машыгуулар
- план түзүү жана бир кадам алдыга умтулуу жаштарга жагымдуу жана башкарылуучу жолдорду сунуштайт.
Муну менен катар жакшы уйку психикалык саламаттыкты сактоодо маанилүү ролду ойнойт. Психологдор жаштарга уйку режимин жакшыртууга жана дайыма белгилүү убакта уктоону сунушташат. Ал эми кыйын учурларда психологго же психотерапевтке кайрылууну сунушташат.
Статистика көрсөткөндөй, жумуш ордунда психикалык ден соолукту колдоого муктаждык өсүп жатат. 2019-жылы эмгекке жарамдуу курактагы адамдардын болжол менен 15%ы психикалык оорудан жабыркайт. Дүйнө жүзү боюнча депрессия жана тынчсыздануу жылына болжол менен 12 млрд жумуш күнүн жоготуп, экономиканын өндүрүмдүүлүгүн жыл сайын 1 трлн долларга жакын жоготот.