Биз менен байланышыңыз

Чет элдик студенттер үчүн санарип платформа иштелип жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Фев 2021 | 797 | 0

Чет элдик студенттерге Кыргызстандагы ЖОЖдор тууралуу санарип платформа иштелип жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тийиштүү платформа ишке кирсе, студент бардык университеттер тууралуу бир жерден маалымат алып, документтерин тапшырып, визага арыз бере алат. Ошол эле учурда мейманканаларды, учак билеттерин ээлей алышат. Мындай кызмат көрсөтүү — учурдун талабы.

Мындан сырткары башка мамлекеттен келген студенттерге тийиштүү инфраструктураны түзүү жагы да каралып жатат. Алардын коопсуздугун камсыздоо багытында мамлекеттик органдар менен иштер алынып барылууда.

Өмүров буга кошумча Кыргызстан окутуу прогаммаларын эл аралык стандарттарга шайкеш келтире алганын сүйүнчүлөдү.

Маалыматка ылайык, быйыл чет элдик студенттердин пайыздык үлүшү артууда.

Тактап айтканда, 2015-2016-окуу жылында сырттан келген студенттердин саны жалпы студенттердин 5.16%ын түзгөн. Бул көрсөткүч 2016-2017-жылы 7%ды, 2017-2018-жылы 9%ды,  2018-2019-жылы 12%ды, 2019-2020-жылы 22%ды, быйыл 33 %ды түздү.

Министрлик санга эмес, сапатка иштеп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM