Биз менен байланышыңыз

Күч алган каралоо, шайлоо алдында шайы кеткен партиялар

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 3 Окт 2020 | 869 | 0

Парламенттик шайлоонун босогосуна келгенде партияларга карата каралоо күч алды. Алардын көбү мурдагы иштер болгонуна карабай, шайлоо жакындаганда чыгууда. Мындай каралоолор партиялардын электоратын жогото алабы?

2 күн мурун Чок-Талдагы «Лазурный берег» пансионатынын жатаканасында Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттери делген эки жигиттин видеосу тараган. Анда жашыруун камера аркылуу алардын ыплас ишке барганы тартылып, социалдык тармактарда тараган. Андагы жигиттердин бири кайсы бир партиянын мүчөсү экени айтылып, айрымдары «Реформа» партиясын каралоого аракет кылган. Бирок, партия алардын эч кандай тиешеси жок экенин айтып, Боршайкомго арыз менен кайрылган.

Партиянын талапкери Эркин Нурбаев «Маралга» жогоруда аталган маселени ким кылгандыгы ачык болуп калганын айтып, оппоненттери таза күрөшө албай жаткандыгын билдирди.

— Бул каралоо. Башка эч нерсе эмес. Биз оппозициялык маанайдагы партия болгондуктан, бул бийлик бизди аталган теманы пропаганда кылууга күнөөлөп, өздөрү ошондой видеолорду тестиер балдар көрөт дебей, аны ойлонбой жайылтып жүрөт. Биз эч качан андай теманы пропаганда кылган эмеспиз, — дейт Нурбаев.

Активисттер пансионаттын жетекчилиги жоопкерчиликке тартылышын талап кылып жатышат. Тараган видео боюнча «жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу» фактысы менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын укук коргоо органдары кабарлаган.

Ага удаа, кечээ Бишкек шаарынын «Мегаком» жана «Биллайн» операторлорунун абоненттери болгон тургундарына «ReformaKG» деген ник менен СМС билдирүү келе баштаган. Анда «Бишкектиктер, Реформа партиясы «гейлердин» укугун коргоону жана аны жайылтууну улантат!» деп жазылган. Тургундар муну терс маанайда кабыл алып, соцтүйүндөрдө аталган эки компанияны сынга алып, жооп берүүсүн талап кылды.

Эркин Нурбаев бул маселе боюнча арыз жазыларын, азыр такталып жатканын айтат. Анын айтымында, аталган операторлор кайсы бир партиянын буйругун аткарып жатышат.

Азыр ал маселелер каралып жатат. Мындай нерселерди мыйзам талаасында чечсе болот эле, бирок азыр мыйзам кимге иштей турганын жакшы билебиз да. Антсе деле биз күрөшө беребиз. Мобилдик операторлор дагы болушунча актанды, демек, алардын коргонуу системасы начар, — деди талапкер.

Бирок, «Биллайн» компаниясы кайрылуу жасап, анда алар эч кайсы партиянын кызыкчылыгына иш жасабай турганын, саясаттан алыс экенин билдирди. Ал эми «Мегаком» компаниясынын маалымат кызматынын башчысы Жумгал Өмүрканов таратылган СМС билдирүүлөр чет өлкөнүн атайын билдирүүлөрдү жөнөтүүчү компаниясы аркылуу 32 колдонууучуга жөнөтүлгөнүн айтты.

Мегаком компаниясы СМС билдирүүлөрдү расмий түрдө жөнөткөн эмес. Биздин техникалык адистер тактап, карап чыгышты. Жалпысынан 32 билдирүү биздин абоненттерге жиберилиптир. Биздин компания муну шайлоо алдындагы партиялардын бири-бирин каралоосу катары баалайбыз. Ал эми абонеттерге келген 32 СМС билдирүү Швейцариянын GMS деген атайын ушундай СМС жөнөтө турган компаниясы тарабынан жиберилгени белгилүү болду, — дейт Өмүрканов.

Каралоого кабылган бир гана «Реформа» эмес, башка оппозициячыл партиялардан «Чоң Казат» дагы бар. Бул партияга карата каралоолор акыркы аптада күчөп, видео материалдар социалдык тармактарда чыга баштаган. Алардын биринде партия лидери Максат Мамытканов белгисиз бирөөдөн чоң суммадагы акча каражатын алып жатканы тартылган. Ага удаа лидердин орусиялык бийликтин өкүлү менен сүйлөшүүсү делген аудио тарап, коомчулуктун сынына кабылды.

Андан тышкары партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Сыймык Жапыкеевдин мас абалында унаа башкарып, жол коопсуздугунун кызматкерлери тарабынан токтотулуп, алар менен тартышып жаткан видеосу жарык көрдү. Анда Жапыкеев «самогон» ичкенин айтып, инспекторлордон кечирим сурап, кое берүүсүн өтүнөт.

Жапыкеев муну өзү шайлоо алдындагы атайын каралоо деп айтып, кайрылуу жасады.

Бизди каралоо 2 күндөн бери катуу жүрүп жатат. Максат Мамытканов орустар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат дегенди чыгарып жиберишти. Жанагы конвертте акча берип аткан киши өзүнүн эле агасы, мөңгүлөр боюнча адис. Өзүнүн кесиптештери менен акча чогултуп бериптир, 70 миң сом. Булардын баары 2-3 ай мурунку видеолор. Мамытканов өзү аябай адилеттүү бала. Мени болсо «Самогон» ичип алыптыр деп каралап атышат. Ал январдагы болгон окуя, Садыр Жапаровду колдоо митингине баратканбыз, — дейт Жапыкеев.

Мындай каралоолор шайлоо алдында кандай таасирге ээ?

Партиялардын шайлоо алдында каралоого кабылып жатканы алардын шайлоодо аз добуш алып калышына себеп болот. Анткени, алар актанууга жетишпей каларын КТРКнын мурунку жетекчиси Илим Карыпбеков «Маралга» билдирди.

Медиа политтехнология деп коет, бул каралоолор бардык өлкөлөрдө бар. Мунун таасири чынында эле өтө чоң. Айрыкча, кайсы өлкөдө медиа сабаттуулугу төмөн жарандар көбүрөөк болсо, мындай каралоолор эффективдүү болот. Бизде көбүнчө ушундай, ушак-айыңдарга бат ишенишет.

Карыпбеков каралоолор шайлоого эки күн калганда катуу жүрүп жатканында чоң максат бар экенин, бул жол менен партиялар актанууга жетишпей каларын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрь эрте мененки саат 8:00дөн кечки 20:00гө чейин болот. Ага 16 партия ат салышып, шайлоого катышкан жалпы жарандардын 7 пайызынан көп добушун алгандары парламентке өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM