Биз менен байланышыңыз

Катар менен Сауд Аравиясы 3,5 жылдык тыныгуудан кийин аба каттамдарын жандантты

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Янв 2021 | 751 | 0

«Qatar Airways» жана «Saudi Airlines» авиакомпаниялары 11-январдан баштап Катар менен Сауд Аравиясынын ортосундагы аба каттамдарын жандандырганын жарыялады. Бул тууралуу «AFP» агенттиги билдирди.

Ага ылайык, эки өлкөнүн чек аралары 2021-жылдын 9-январында ачылды. Анда эртең мененки саат 10до унаалар Катар чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө пунктунан өттү.

5-январда Египет, Сауд Арабиясы, БАЭ жана Бахрейн Катар менен элдешүү келишимине кол коюшту.

Бул 4 араб мамлекети Катарды аймактагы кырдаалды туруксуздаштырууда деп айыптап, 2017-жылдын июнь айында байланышын үзгөн болчу.

Белгилей кетсек, Катар кургактыкта Сауд Аравиясы менен гана чектешет. Калган коңшу мамлекеттер менен аба жана деңиз аркылуу гана байланышат.

Copyright © 2017 Maral FM