Биз менен байланышыңыз

Сауд Аравия 17-майдан тарта чек араларын ачат

Дүйнө , Кыска кабар | 3 мая 2021 | 813 | 0

Сауд Аравиясы коронавирустун жаңы түрлөрүнүн жайылышынан улам жабылып турган чек араларын 17-майдан баштап ачып, жарандарынын башка өлкөлөргө чыгуусуна коюлган чектөөлөрдү алып салат. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.

«2021-жылдын 17-майында саат 01:00дөн баштап жарандардын жүрүүсүнө коюлган чектөөлөр алынып, башка өлкөлөр менен деңиз, кургактык жана аба каттамдары ачылат», — деп айтылат билдирүүдө.

Чектөөлөр 2020-жылдын 21-декабрында киргизилген.

Маалым болгондой, кыймылга коюлган чектөөлөрдүн алынып салынышы коронавирус бир ай мурун жугуп, айыгып кеткендерге, эмделгендерге, башка мамлекетте коронавирусту дарылоонун чыгымын жаба турган медициналык камсыздандыруу полиси бар 18 жашка чейинки падышалыктын жарандарына тиешелүү болот.

Чет элдиктер Сауд Аравиясына келгенден кийин 2 жумалык милдеттүү карантинден өтүшү керек.

Copyright © 2017 Maral FM