Биз менен байланышыңыз

Сауд Аравияда коменданттык саат кыскарды. Меккеде абал кандай?

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Апр 2020 | 966 | 0

Сауд Аравиянын королу Сальман бен Абдель Азиз Аль Сауд 26-апрелден 13-майга чейин коменданттык саатты кыскартууну тапшырды. Бул тууралуу SPA маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, бул жеңилдетүүгө Мекке жана изоляция болгон райондор кирген эмес.

Сауд Аравия бийлиги мусулмандардын ыйык айы болуп саналган Рамазан айындагы орозо кармоого байланыштуу буга чейин коронавирустун жайылуусун алдын алуу максатында киргизилген коменданттык саатты кыскартууга уруксат берген.

Сауд Аравия королдугунун бардык аймактарында 26-апрелден 13-майга чейин  коменданттык саат 9:00дөн 17:00 чейин болуп кыскартылат. Бирок Мекке жана башка изоляцияга алынган райондордо жарлыкка ылайык, 24 сааттык коменданттык режим сакталсын, деп жазылат королдун буйругунда.

Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында коммерциялык жана экономикалык ишмердүүлүккө уруксат берилет. Жарлыкка ылайык, чекене жана дүң базарлары, ошондой эле, соода түйүндөрү да ишин жандантмакчы. Курулуш компаниялары жана заводдор көрсөтүлгөн дата аралыгында убактысы чектөөсүз ишин жүргүзө алат.

Буга чейин бийлик  эки чоң мечиттер, Меккедеги Чоң мечит жана Мединадагы пайгамбардын мечити, ыйык Рмазан айында да жабык болорун жарыялаган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 11-мартта COVID-19 коронавирустук инфекциясын пандемия деп жарыялаган. ДССУнун соңку маалыматына ылайык, дүйнө боюнча 2,7 миллиондон ашык адам аталган инфекция менен катталган, анын 187 миңден ашыгы каза болгон.


Дубайда полиция колдонгон «акылдуу» баш кийимдер коронавирусту аныктайт

Copyright © 2017 Maral FM