Биз менен байланышыңыз

Дубайда полиция колдонгон «акылдуу» баш кийимдер коронавирусту аныктайт

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Апр 2020 | 1031 | 0

Дубайда полиция кызматкерлери коронавирустун сипмтомдорун аныктоочу атайын камералар орнотулган «акылдуу» баш киймдерди (шлем) колдонушууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Шлемдер бир мүнөткө жетпей 5 метр аралыктагы 200 адамдын температурасын өлчөп, жогорку температурада болгон адамдарды сигнал аркылуу көрсөтөт. Дубайдын бардык полиция кызматкерлери мындай «акылдуу» жабдыктар менен камсыздандырылган. Ошондой эле, метро жана автобус станцияларында иштеген коопсуздук кызматкерлерине да берилгени айтылат.

Бириккен Араб Эмирлигинин Саламаттыкты сактоо кызматкери маалымдагандай, өлкөдө коронавирус менен катталгандар 9,5 миңге чамалаган, анын 64ү каза болгон.


Коронавирусту аныктоочу ПЧР-анализин кимдер акысыз тапшыра алат?

Copyright © 2017 Maral FM