Биз менен байланышыңыз

Коронавирусту аныктоочу ПЧР-анализин кимдер акысыз тапшыра алат?

Кыска кабар | 25 Апр 2020 | 1050 | 0

Бүгүнкү күндөн баштап, Бонецкий лабораториясы 3500 медицина кызматкерине бекер ПЧР- анализ жүргүзө баштайт. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.

Ошондой эле, пенсионерлер жана калктын социалдык аярлуу катмарлары ПЧР-анализинен акысыз өтүшөт.

Ал эми фирмалардын, ири компаниялардын кызматкерлери акы төлөнүүчү негизде текшерүүдөн өтө алышат.

Буга чейин, ПЧР-тесттин баасын жана изилдөөгө кеткен бардык чыгашаларды эске алуу менен, анализ тапшыруу – болжол менен 2000 сомду түзөрү айтылган болчу.

25-апрелге карата республика боюнча коронавирус диагнозу менен катталгандардын жалпы саны 665ти түздү. Анын ичинен: стационарда – 312,  жандандыруу бөлүмүндө – 6 адам. 345 адам айыгып ооруканадан чыгарылса, 8 бейтап каза болду.


Новосибирскиден келген жарандан коронавирус аныкталды

Copyright © 2017 Maral FM