Бүгүнкү күндөн баштап, Бонецкий лабораториясы 3500 медицина кызматкерине бекер ПЧР- анализ жүргүзө баштайт. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.
Ошондой эле, пенсионерлер жана калктын социалдык аярлуу катмарлары ПЧР-анализинен акысыз өтүшөт.
Ал эми фирмалардын, ири компаниялардын кызматкерлери акы төлөнүүчү негизде текшерүүдөн өтө алышат.
Буга чейин, ПЧР-тесттин баасын жана изилдөөгө кеткен бардык чыгашаларды эске алуу менен, анализ тапшыруу – болжол менен 2000 сомду түзөрү айтылган болчу.
25-апрелге карата республика боюнча коронавирус диагнозу менен катталгандардын жалпы саны 665ти түздү. Анын ичинен: стационарда – 312, жандандыруу бөлүмүндө – 6 адам. 345 адам айыгып ооруканадан чыгарылса, 8 бейтап каза болду.