Марал Радиосу

Новосибирскиден келген жарандан коронавирус аныкталды

Новосибирсктен учуп келген 177 жарандын, бирөөсүнөн коронавирус инфекциясы тастыкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри С.Абдикаримов билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 22-апрелде учуп келген.

— Ошондой эле, 24-апрель күнү Стамбулдан учуп келген 351 жарандан да анализдер алынды. Анализдердин жыйынтыгына жараша тийиштүү чаралар көрүлөт, — деди Абдикаримов.

Республика боюнча коронавирус диагнозу менен катталгандардын жалпы саны 665ти түздү.

Анын ичинен: стационарда – 312,  жандандыруу бөлүмүндө – 6 адам. 345 адам айыгып ооруканадан чыгарылса, 8 бейтап каза болду.

Аймактар боюнча алсак:

  • Ош облусу — 157;
  • Бишкек — 151;
  • Жалал-Абад облусу — 109;
  • Ош шаары — 108;
  • Нарын облусу — 83;
  • Чүй облусу — 43;
  • Ысык-Көл облусу — 8;
  • Баткен облусу — 6.

25-апрель: Коронавирусту жуктургандар азайды, бүгүн 9 жаңы учур катталды

Exit mobile version