Биз менен байланышыңыз

Сауд Аравия пандемия жөнүндө жалган маалымат тараткандарга ири өлчөмдө айып пул салат

Дүйнө , Кыска кабар | 7 мая 2021 | 824 | 0

Бириккен Араб Эмирликтеринде жана Сауд Аравияда коронавирусту башкаларга атайылап жугузгандарга 133 миң долларга чейин айып пул салынган.

Сауд Аравиянын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, коронавирус пандемиясы жөнүндө ушактарды жана жалган билдирүүлөрдү таратканы үчүн 266 миң долларга чейин айып пул салынган. Коронавирусту башкаларга атайылап жугузгандарга 133 миң долларга чейин айып салынат. БАЭде мыйзам бузуу үчүн 27 миң долларга чейин айып пул салынат.

Акыркы маалыматтарга караганда, өткөн суткада БАЭде 1700 жаңы учур аныкталды. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 530 миң 900дөн ашты, 1600 адам каза болду.

Сауд Аравияда күнүнө миң жаңы учур катталып, коронавирустук инфекциялардын саны 423,4 миңге жетип, 7 миң бейтап көз жумган.

Сауд Аравия 17-майда чек араларын ачып, жарандарынын башка өлкөлөргө чыгуусуна коюлган чектөөлөрдү алып салары белгилүү болду.

Copyright © 2017 Maral FM