Connect with us

Бириккен Араб Эмирлигинен гуманитардык жардам келди

Кыска кабар | 23 Апр 2020 | 970 | 0

Бириккен араб эмирлиги Кыргызстанга гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-апрелде Эл аралык «Манас» аэропорту «Etihad Airways» авиакомпаниясынын коронавируска каршы күрөшүү боюнча жеке коргоочу каражаттар жана медициналык дары-дармектерди камтыган гуманитардык жүк менен келген учагын тосуп алды.

Жардам көрсөтүү 6-апрелде Президент Сооронбай Жээнбеков менен Абу-Даби Мураскер-ханзаадасы, Бириккен араб эмирлигинин Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысынын орун басары шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында жетишилген келишимдин натыйжасында ишке ашты.


Дубайдагы мекендештерди алып келүү үчүн 3 чартердик рейс уюштурулуп жатат

Copyright © 2017 Maral FM