Бириккен араб эмирлиги Кыргызстанга гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-апрелде Эл аралык «Манас» аэропорту «Etihad Airways» авиакомпаниясынын коронавируска каршы күрөшүү боюнча жеке коргоочу каражаттар жана медициналык дары-дармектерди камтыган гуманитардык жүк менен келген учагын тосуп алды.
Жардам көрсөтүү 6-апрелде Президент Сооронбай Жээнбеков менен Абу-Даби Мураскер-ханзаадасы, Бириккен араб эмирлигинин Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысынын орун басары шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында жетишилген келишимдин натыйжасында ишке ашты.