Биз менен байланышыңыз

Дубайдагы мекендештерди алып келүү үчүн 3 чартердик рейс уюштурулуп жатат

Кыска кабар | 23 Апр 2020 | 632 | 0

Бириккен Араб Эмирлигиндеги Кыргызстандын жарандарын алып келүү үчүн 3 чартердик рейс уюштурулуп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Дубайдагы башкы консулдугу кабарлаган.

Маалыматка ылайык, бул каттамдар 26-апрель, 3-жана 10-майда Fly Dubai компаниясы аркылуу ишке ашырылат.

Элчилик коронавирус симптомдору катталбаган Кыргызстандын жарандарына гана учууга уруксат берилерин эскертти.

«Авиабилет жана керектүү документтердин копиялары, же электрондук түрлөрү жаныңарда болсун. Аэропортко учуу убактысынан 3 саат мурда келүү кажет»,- деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 16-апрелде Башкы консулдук Fly Dubai авиакомпаниясы өз демилгеси менен 26-апрелге белгиленген Дубай — Бишкек каттамдары үчүн билеттерди сатып баштаганын, бирок учуу кыргыз тарап менен макулдашыла электигин маалымдаган.

Элчиликтин маалыматына ылайык, 430 кыргызстандык мекенине кайтуу үчүн кайрылган. Каттамдар тууралуу маалымат менен элчиликтин «Фейсбуктагы» баракчасынан кабар алып турсаңыз болот.

Copyright © 2017 Maral FM