Биз менен байланышыңыз

Сауд Аравияда 90 миңден ашык мечит ачылат

Дүйнө , Кыска кабар | 29 мая 2020 | 1507 | 0

Сауд Аравияда коронавирус пандемиясынан улам жабылган 90 миңден ашык мечит жана сыйынуу жайлары 31-майдагы таңкы намаздан кийин ачылат.

Бул тууралуу өлкөнүн Ислам иштери боюнча министрлиги Твиттер баракчасына жарыялады.

Анда мечиттердин ачылышына акыркы даярдыктар аяктап жаткандыгы белгиленди. Тактап айтканда, алар дезинфекцияланууда.

Министрлик улгайган адамдар жана коронавирус жуктуруп алуу коркунучу бар балдар мечиттерге барбашы керектигин белгилейт.

«Мечиттерге беткап кийип, кол жууп, 2 метр аралыкты кармоого буйрук берилген. Бул максатта мечиттин килемдерине атайын белгилер коюлду. Намаздан 20 мүнөт мурун мечиттерге да барса болот. Намаз бүткөндөн кийин 20 мүнөт ичинде мечиттер жабылат», — деп айтылат маалыматта.

Акыркы маалыматтар боюнча, Сауд Аравияда коронавирус жуктурган адамдардын саны 80 миңден ашты, алардын ичинен 441 жаран көз жумду.

Copyright © 2017 Maral FM