Биз менен байланышыңыз

Айя-Софьядагы жума намазга 350 миңден ашык адам катышты (сүрөт)

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июл 2020 | 1593 | 0

24-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Айя-Софья мечитиндеги алгачкы жума намазына катышты. Бул жума намаз 1934-жылдан бери окулган биринчи жума намазы болуп саналат.

Анадолу агенттигинин маалыматына ылайык, жума намазга 350 миңден ашык адам катышкан.

Буга чейин, 10-июлда Түркиянын Стамбул шаарында Султан Ахмед мечитинин маңдайындагы Айя-Софьянын музей статусу жокко чыгарылып, мечитке айландыруу чечими кабыл алынган. Мындай жарлыкка өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган кол койгон.

Мындан ары Айя-Софья дин иштери боюнча башкармалыгынын көзөмөлүнө өтүп, мечит катары колдонулмакчы.

Айя-Софья алгач православ чиркөөсү, кийин мечит, андан соң дүйнөгө белгилүү музейлердин бири болуп келген. Айя-Софьянын ичинен мусулман динине тиешелүү да, христиан динине тиешелүү да сүрөттөрдү жана жазууларды көрүүгө болот.

Музейди мечитке өзгөртүү чечими православдык өлкөлөрдүн нааразычылыгын жараткан. Ал эми ислам чөйрөсү муну кубануу менен кабыл алды. Имараттын ичиндеги православдарга тиешелүү болгон мозаикалар жок кылынбай тургандыгы айтылган, бирок кандай шартта сакталары азырынча белгисиз.

Copyright © 2017 Maral FM