Биз менен байланышыңыз

Сауд Аравияда 171 адам коронавирус менен катталган

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 670 | 0
Сауд Аравияда 18-мартка карата 171 адам коронавирус жуктурганы аныкталды. Аталган өлкөдө коронавирустун биринчи учуру 2-мартта катталган. Ирандан Бахрейн аркылуу кайтып барган адамдан вирус табылган.

Дүйнө боюнча 194 651 адам коронавирус менен катталган. Анын 8 миңдейи каза болсо, 81 миңден ашыгы эмделип, илдеттен айыккан.

Бүгүн, 18-мартта Кыргызстанда 3 адамдан коронавирус чыкканы маалым болду. Алар Сауд Арабиядан кичи ажылык сапардан кайтып келишкен Сузак районунун тургундары. Коронавируска байланыштуу Сузак районуна өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Сузак айыл аймагынын Благовешенка айылы менен Кызыл-Суу айыл аймагынын Бостон айылына карантин жарыяланды.


Коронавирус: Орусия 114, Түркия 98, Казакстан 35 (акыркы маалыматтар)

Үй шартында антисептик каражаттарын даярдоо жолдору

Copyright © 2017 Maral FM