Биз менен байланышыңыз

Үй шартында антисептик каражаттарын даярдоо жолдору

Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 18882 | 0

Кыргызстанда коронавируска кабылган 3 жагдай катталды. COVID-19 вирусунан сактануу үчүн эң негизгиси — гигиенаны сактоо, тазалыкка көңүл буруу. Айрыкча, колду бат-бат самындап жууп, антисептик каражаттарын колдонуу сунушталат.

Коронавирустан коргонуу үчүн антисептикалык препаратты ар бир адам үй шартында жасап алса болот.

  1. 50 мл медициналык спирт 90%
  2. 30 мл глицерин
  3. 5 тамчы эфир майы
  4. 30 мл суу

Баарын аралаштырып, таза айнек идишке сактоо, бат-баттан колду, мурундун айланасын сүйкөп туруу. Спирт дезинфекция кылса, глицерин колдун жарылуусунун алдын алат.

Дагы бир ыкмасы:

  1. 30 грамм кайнатылган муздак суу
  2. 70 грамм медициналык спирт
  3. 2 тамчы нашатырь спирти
  4. 2 граммдык шприц менен глицерин

Үйдө отуруп иштей баштагандар үчүн 12 кеңеш


Жумуш орундарында коронавирустун алдын алуу эрежелери

Copyright © 2017 Maral FM