Биз менен байланышыңыз

Үйдө отуруп иштей баштагандар үчүн 12 кеңеш

Блог , Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 1966 | 0

Кыргызстанда коронавируска кабылган 3 жагдай катталды. Андан сырткары, Борбор Азия боюнча Өзбекстан жана Казакстанда коронавируска кабылгандар катталган. 18-мартка карата Өзбекстанда 15, Казакстанда 35 жаранда вирустун бар экендиги аныкталган.

Ал эми Орусияда 114, Түркияда 98 адам коронавирус менен катталган. Дүйнө боюнча 194 651 адам коронавирус менен катталган. Анын 8 миңдейи каза болсо, 81 миңден ашыгы эмделип, илдеттен айыккан.

Пандемия учурунда өтө зарыл болбосо, үйдө отуруп эле иштөө сунушталат. Офиске барбай, үй шартында иштөөнүн өзүнө жараша жеңилдиктери болгондой эле, иштөөгө тоскоолдук кылган жагдайлар да жок эмес.

Төмөндө ушундай ыңгайсыздыктын таасирин азайтуу үчүн сунуштар тизмеси:

  1. Үй кийимчен эмес, адатта жумушка кийип баргандай кийимде болуңуз. Бул жумуштагыдай сезимди сактайт.
  2. Кийинип алып, көчөнү бир-эки айланып, кайра үйүңүзгө кайтыңыз. Бираз жөө жүрүү кан айланышын жакшыртат.
  3. Үйдөгү иш ордуңузду сарамжалдуу кармаңыз. Иш столунан керексиз нерселерди алып таштап, жалаң жумушка тиешелүү гана буюмдарды калтырыңыз.
  4. Үйдөгүлөргө сизде жумуш убактысы башталганын түшүндүрүп, эскертип коюңуз.
  5. Күнүмдүк аткарылуучу жумуштардын тизмесин түзүңүз.
  6. Интернет аркылуу жетекчи, кол астында иштегендер, ошондой эле кардарлар менен байланышка чыгып, бүгүн эмне жумуш кылыш керектигин такташып, маалымат менен бөлүшүп туруңуз.
  7. Күн ичинде кесиптештер, кардарлар менен телефон, электрондук почта жана мессенжерлер аркылуу да байланышып турсаңыз болот.
  8. «Битрикс24» же башка ушул сыяктуу онлайн платформаларды колдонуңуз.
  9. Диван, кресло, төшөк же килемде жатып алып иштөөгө аракет кылбаңыз.
  10. Ашканага бат-бат бара берүүнү токтотуңуз. Түштөнүү жана чай ичүү убактылары жумуш учурундагыдай болсун.
  11. Күн аяктаган соң аткарылган жана аткарылбаган иштерди тизмектеңиз. Кесиптештериңиз менен байланышка чыгып иш жыйынтыгын, жаңы маселелерди талкуулап, керектүү маалыматтар менен бөлүшүңүз.
  12. Эртеңки күндүн планын түзүү менен жумушуңузду өз убактында аяктаңыз. Жумуштан соң көчөнү бир айланып, үйгө кайтсаңыз зыяны тийбейт, уйкусуздуктун алдын алат.

COVID-19 вирусунан сактануу үчүн эң негизгиси — гигиенаны сактоо, тазалыкка көңүл буруу. Айрыкча, колду бат-бат самындап жууп, антисептик каражаттарын колдонуу сунушталат.

Коронавирустан коргонуу үчүн антисептикалык препаратты ар бир адам үй шартында жасап алса болот.

Үй шартында антисептик каражаттарын даярдоо жолдору

Copyright © 2017 Maral FM