Биз менен байланышыңыз

Негатив маалыматтардан сактануу үчүн психологдон кеңештер

Блог | 16 Июл 2020 | 1249 | 0

Коронавирус пандемиясынан улам көпчүлүк дүрбөлөңгө түштү. Мындайда абалды туура кабыл алып, апаатка кандай мамиле кылуу керек? Негативдерден кантип сактанууга болот? Тынчсызданууну жеңүүнүн кандай жолдору бар? Ушул жана башка суроолордун тегерегинде психолог Нуриза Батырбекова жана Сумая Асанова пайдалуу кеңештери менен бөлүштү.


Батырбекова: 

«Адам өзүн негатив маалыматтардан коргошу керек…» 

— Тилекке каршы, акыркы учурда нергативдүү маалыматтар көп болууда. Жалпыга маалымдоо каражаттарынан, интернеттен да «ушунча киши көз жумду, мынчасы оору жуктуруп алды» деген кабарларды көп угуп жатабыз. Бул стрессти пайда кылууда. Стрессти ар бир адам ар кандай өткөрөт. Учурда эмоциябыз аябай жабыркап турган кез. Тынчсыздануу жөн гана эмоциядан турбайт, анын ичинде биздин ойлорубуз бар. 4 компонент — ой, эмоция, физикалык реакция, жүрүм-турум бирдей иштей баштаганда, адамда коркуу чезимдери пайда болот. Айталы, айрымдар ыйласа, дагы башкасы арызданып баштайт. Жогоруда аталган компонеттердин бирөө үзгүлтүккө учураса, тынчсыздануу сезими азаят. Ойлор менен иштөө үчүн психологго муктаждык жаралат.

«Жаңылыктарды түштөн кийин окуу сунушталат» 

— Адам стресске кабылганда дене мүчөсү тырышып калат. Бирок биз аны сезбей жүрө беребиз. Бул бара-бара көнүмүш адатка айланат. Денени катуу тырыштырып, акырын бошотуу зарыл. Ошондо дене эс алат да, ойлор акырындык менен өзгөрүп баштайт. Адам эмне кыларын билбесе, стресске кабылат. Психологиялык кыйынчылыкка кошо экономикалык кризис да бар. «Кайдан акча табам?» деген суроо көпчүлүктү түйшөлтөт. Мындайда биз «коопсуздук жаздыгын» коюп коёлу. Өзүмдү кандай сезип турам, менде симптомдор байкалган жокпу? Эгерде байкалса, кайсы жакка кайрыла алам? деген суроолорго жооп алсак, тынчсыздануу азаят. Негативдүү маалыматтарды көп көргөн адам жакшы кабар укса да көзүнө көрүнбөйт. Мындан улам маалымат аларда иргеп, маалыматтын булагын тактоо зарыл. Анткени адам негативдүү маалыматты укканда, организм көп энергия коротот. Андыктан таң эртең менен дароо жаңылыктар менен таанышпаңыз. Терс маанайдагы кабарларды угуп табитиңиз тартпай калышы мүмкүн.

«Туш келген кабардын баарын окуу жолдо баратып таштанды чогултканга тете»

— Ар бир адам маалыматка муктаж. Бул жерде журналистте да, окурманда да жоопкерчилик бар. Журналист кабар жазганда коомчулукту дүрбөлөңгө салып, тынчын ала турган темаларды койгондон алыс болушу зарыл. Фактыларга таянып, болгон окуяны гана баяндап бергени жакшы. Анткени коркутуп жазса, окурмандар сестенип, терс эмоциялар көтөрүлөт. Мындан сырткары, учурда маалымат алуу мүмкүнчүлүгү кенен. Сайт, радио, ТВ, социалдык тармактар аркылуу алууга болот. Ар бир адам «кайсы булак чындыкты чагылдырат?» деп, маалымат булагын аныктап алышы зарыл. Иргебей, болгон кабардын баарын окуу жолдо баратып таштанды чогултууга тетет. Керексиз жаңылыктарды окугандан алыс болуңуз. Ошол эле учурда суук кабар үчүн журналисттерди күнөөлөөнүн кажети жок.

«Адамдын оюу тагдырына таасир этет»

— Ар бир адам ден соолукту барктаса, бири-бирине жоопкерчиликтүү мамиле кылса, жакшы нерселерди көрө алат. Адам стресске кабылганда психологиялык кыйынчылыктар ортого чыгат. Ой ооруну чакырат. Жаман ойлорду жеңе албаган адамдар жалгыз калбашы керек. Психологиялык жардам алыңыздар. Балдар үчүн 111 номуру иштейт. Учурда ыктыярчы психологдор да иш алып барууда, аларга да кайрылууга болот. Позитивдүү маалымат алуунун өзү жумушка айланды. Биз канчалык негативдерди көп кабыл алган сайын денебиз, мээ көнүп калат. Дүйнөдө болуп жаткан жакшы жаңылыктарды окуп, өзүбүзгө-өзүбүз жардам беришибиз кажет. Алсак, учурда Кыргызстанда шоу бизнестин өкүлдөрү, эл, чет жактагы мекендештер өлкөгө жардам колун сунууда. Кыргыз элинин ынтымагы башка элдер сыймыктанып жатат. Мына ушундай позитивдүү жаңылыктарды окуп туруу керек. Биз негативдүү жаңылыктарды канчалык көп көрсөк, позитивдүү кабарлар бааланбай калат. Адамдын ойлору адатка айланат. Адат мүнөздү калыптайт. Ал эми мүнөз тагдырга таасир этет. Демек, учруда ойлорубуз тагдырды чечип жатат. Тең салмактуулукту сактай билүү маанилүү, баланс болгондо организм өзүн кармайт.

«Үй-бүлөлүк мамилелерди жакшыртыңыз»

— Ар бир адам күнүмдүк план түзүшү керек жана аны толук аткарууга аракет кылса, ашыкча тынчсызданууга убакыт жок болот. Азыркы кез үй-бүлөлүк мамилелерди жакшыртууга эң ыңгайлуу учур. Ден соолук, жакындарыбызга көбүрөөк көңүл бурсак жакшы. Башкача айтканда, ар бир адам өзүнө эмне жагарын аныктап алганы оң. Андан соң ал иштерди натыйжалуу аткаруу үчүн кошумча маалыматтарды алганы дурус. Айталы, иммунитетти көтөрүү, туура дем алуу, денени чыңдоо боюнча атайын видеолорду көрүүгө болот. Сизге жаккан жумушту жасаңыз, музакы угуңуз, бийлеңиз… Өзүңүз үчүн күн сайын убакыт бөлүңүз.

Негативдүү маалыматтардан кантип арылууга болот?

Асанова:

— Негативдүү маалыматтарды издөөгө кажет жок. Негативден арылууну каалабаган адамга эч нерсе жардам бербейт. Биринчи кезекте, каалоо болушу керек. Пайдалуу иштер менен алек болгон жакшы. Адамдар маалыматтарды изилдеп жатып, оору арттырып алууда. Адам уккан же көргөн негативдүү маалыматты 32 кишиге таратат. Ал эми жакшы кабарларды 18 киши менен гана бөлүшөт. Айтарым, кайра келбей турган убакытты тастыкталбаган, негативдүү  маалыматтарды иликтөөгө коротпосок. Пайдасыз маалыматтарды окуп отуруп, өмүр өткөнүн байкабай калуудабыз. Вирус жок болгон күндө да бир күн өлөбүз. Андыктан,  «мен өлөт экем, вирус жугат» деген ойлор менен кыйналып, илдетти чакырып жатабыз.

«Коркуу иммундук системаны төмөндөтөт»

— Бир койчу эки кой багат. Экөөнө бирдей суу, чөп салып карайт. Бирок бир кой карышкыр көрүнө турган жерге байланат. Карышкырды көргөн кой арыктап, оорукчан болуп калат. Бул эмнеден кабар берет? Коркуу иммундук системаны төмөндөтөт. Натыйжада илдетти өзүбүз чакырып жатабыз. Бул өз өмүрүнө кол салууга тете. Кудай илдет берди, ошол эле учурда башка жандыктардан айырмалап, аң сезимди кошо берген. Аң сезимдүү түрдө жашай турган болсок, вирустан алыс болмокпуз. Тилекке каршы, вирусту «чакырып» алган учурлар көп кездешүүдө. Адамдардын психологиялык абалынан улам оору арттыруу курчуду.

— Коркуунун алдын алуу үчүн эмне кылышыбыз керек?

— Адам билген, өзүнө маалым болгон нерседен коркот. Айталы, бийиктикке чыкканда коркконбуз, ошондуктан бийиктиктен коркуу сезими пайда болгон. Ошол элу учурда караңгыдан коркобуз, ал бизге белгилүү. Ал эми дүрбөлөң бизге тааныш болбогон учур. Маселен, эл качып бара жатса, абалды толук анализдебей туруп биз да чуркап жөнөйбүз. Бирок эмнеге жоон топко кошулуп, качып бара жатканыбызбы билбейбиз. Дүрбөлөңгө түшүү иммундук системаны төмөндөтүп, ооруга чалдыгууга жол ачат. Оорунун 80% адамдын психологиялык абалынан көз каранды. Ар бир адам өзүн башкара билгенде, вирус мындай тездик менен жайылмак эмес. Эмнеден коркуп жатканыңызды (ачкачылыктанбы, өлүмдөнбү, ооруп калууданбы) аныктап, ойду өзгөртүү зарыл.

— Учурдагы көпчүлүк стресс, коркуу менен жүрөт, чыңалуу күч… Анын ден соолукка кандай кесепети бар?

— Адам жашоосун өзү тандайт. Жакшыны да, жаманды да өзүбүз тандап алабыз. Демек, кимдир бирөө стесске кабылган болсо, ал ошол жолду тандап алган. Ошол абалдын жакшы жактары барбы? Стресс позитивдүү жана негитивдүү болуп бөлүнөт. Алсак, сынак тапшырууда, күтүүсүз конок тосуу маалындагы стресс позитивдүү. Убагында стресске дуушар кылганы менен жыйынтык жакшы болот. Ал эми негативдүү болсо, маанайдын бузулуусу менен адамда өч алуу сезими пайда болуп, кек сактоого алып барат. Мындан сырткары, концентрациянын төмөндөшүнө алып келет. Энергиялуу болуу үчүн кыймыл керек. Сресс кан басымды жогорулатып, жүрөк, ашказан, муун, сөөк, тери ооруларына жол ачат. Стресстин негизинде астма пайда болуп, ичеги-карын жабыркашы мүмкүн. Эгерде ушундай илдеттер сизге керек болсо, ойлонуп көрүңүз. «Жок, мага дарт керек эмес» десеңиз, аң сезимди иштештип, ошол багытта иштөө керек.

— Азыркы учурда адамдар бири-бирине кандай жардам бере алат? 

— Дүйнөдө жалгыз адам жашашы мүмкүн эмес… Адам адам менен адам болгондуктан, бири-бирибизге нетагив айтып, таарына турган мезгил эмес. Убакыт тар, өмүр кыска. Жалаң гана позитив айталы. Негативдүү ойлон алыстап, бири-бирибизден жакшы сөздөрдү аябайлы. Бири-бирибизди колдоп, жакшы жактарыбызды көрүүгө мезгил келип жетти. Эгерде жакшы сөз айта албасак, анда унчукпай эле коёлу.

— Оору, күндөгү ооруган каза болгон кишилердин санын укканда кыйналып жатам. Эмне кылсам болот? (угарман)

— Бул нормалдуу көрүнүш. Арабызда көрүп, билип жүргөн кишилердин кайтыш болгону да акыйкат. Бул жерде аң сезимдүү түрдө ойлонуу керек. Биз жашообузду интернетке байлап алдык. Эмне үчүн өз алдыбызча жашай албашыбыз керек? Каза тапкандарды көрүп кыйналсаңыз, анда аларга бата кылыңыз. Өлүм келери шексиз. Эгер өлүм жаман болгондо аалымдар көз жуммак эмес. Жакшы нерселерди көп ойлонуңуз.

— Мен ооруп, үй-бүлө мүчөлөрүмө, дарыгерге вирус жугузуп алдым. Өзүмдү күнөөлүү сезип, кыйналып жатам. Кандай жардам бере аласыздар? (угарман)

— Эң биринчиден, адам илдетти өзү тандабайт. Оору жугуштуу экени башынан бери айтылып келе жатат. Сиз жабыркап калганда «башкаларга жуктурайын» деген ой жок болсо керек. Илдет бири-бирибизден эле жугуп жатат. Андыктан сиз айтылган эрежелерди так аткарып, аралыкты сактаган болсоңуз, өзүңүздү күнөлүү сезбешиңиз керек. Бир чети өзүңүздү күнөлүү сезгениңизди айтканыңыз жакшы, ал аз да болсо жеңилдей түшөсүз. Сиз сырдаш адамдарыңыз менен көп-көп баарлашыңыз.

— Туугандарым абдан катуу ойлонуп жатат. Таежем түнү уктай албай да калды… Кандай кеңеш бересиз? (угарман)

— Адам кээде ооруну ой менен чакырып алат. Сиз алаксып, жаңылыктарды угууну азайтса… Илдет тууралуу толук маалыматыбыз жок болушу да тынчсызданууга себеп болот. Андыктан коронавирустун белгилерин так билип алуу зарыл. Психологиялык колдоо алуудан тартынбаңыз, коркунучтуу же уят эмес.

Copyright © 2017 Maral FM