Биз менен байланышыңыз

Психологдон кеңеш: балага «үйдү чачпа!»-деп айтпаңыз

Блог , Психолог сааты | 25 Сен 2020 | 2001 | 0

«Марал» радиосунда ар шейшемби күнү психолог Сумая Асанова менен «Психолог сааты» уктуруусу обого чыгат. Эгер сиз дагы психологдун кеңешине муктаж болуп, жүрөгүңүздү өйүткөн көйгөйгө чечим таппай жүрсөңүз, 0552 680606 Whatsapp номерине смс билдирүү жөнөтүңүз. Сиздин суроого психологдон жооп алып беребиз. Анонимдүүлүк 100% сакталат! Бул жолку чыгарылыш «Ар бир бала гений» деген темада болду. Төмөндө бала тарбиялоодогу эң маанилүү кеңештер сиздер үчүн:

Ар бир бала гений

Гений дегенде дароо эле көз айнек тагынган, костюм, шым кийген, ошол эле учурда колунда портфели бар балдарды элестетебиз. Бирок ар бир баланын ичинде уктап жаткан генийлик бар. Балдардын генийлигин кайсы тараптан ойготсок, ошол тарап ойгонот. Балдарды “Сен эң кыйынсың, эң акылдуусуң, элде жок балдардансың” деген сыяктуу “Эң” деген сөздү кошуп айтсак, балдар коомдук жайда болсун, мектепте болсун, кайсы жерде болбосун “Эң кыйынмын” деген сезим менен жүрүп, бир аз кыйналып калат. Балдардын жакшы жагын айтыш керек, макташ керек. “Сен менин” же “ Атаң экөөбүздүн”, “Сен жасай аласың” деген сыяктуу мотивациялык сөдөрдү көп колдоно турган болсок, баланын ичинде кандай генийлик жатканын акырындык менен байкай алабыз.

Баланын кыялын өлтүрбөңүз

Ар бир бала өзгөчө. Эгерде бала мектепте жакшы окубаса, ал бир тараптан боорукер, спорт оюндарын жакшы ойношу мүмкүн, же жакшы ырдашы мүмкүн. Чыгармачылык жактан дагы ичиндеги талантын ойгото алабыз. Мисалы, 1-класста окуган бала ырчы болгум келет деди. Анда ата-эне баланын оюна тыюу салбашы керек. Бул ою 4 же 5-класска чейин эле болушу мүмкүн. Баланын ой жүгүртүүсү, физиологиясы, психологиясы өзгөрөт. Өзгөрүүлөрдү эске албай туруп өзүбүз чечим чыгарып коёбуз. “Сен дарыгер же мугалим болосуң” деген сөздөрдү айтып, баланын ичинде жаткан талантын бат эле жокко чыгарып салабыз. Ошол учурда бала өзүнүн кыялына жетпей калат дагы, башка жактан талант издеп, убактысын коротот. Табияттан берген талантын алып чыкпаса, бала үчүн эң чоң жоготуу болот. Ата-энелерге кеңешим, балдарыбыздын талантын өркүндөткөнгө салым кошсок, сиз ойлогондой мыкты деңгээлде чоңоёт.

Баланын жакшы окуусу социалдашуудан башталат.

Мектептин программасынан кийин башка ийримдерге алып баруу менен баланы жакшы окута алабызбы деген суроо туулат. Жакшы окусун деген ниет менен ар кандай кружокторго алып барабыз. Бирок сиз күткөн жогорку деңгээлге жетүү максаты жокко чыгып калышы мүмкүн. Баланын жакшы окуусу социалдашуудан башталат. Классташтары же достору менен тил табышуу бала үчүн оор болсо, анда ал жерде окуусун жакшы өздөштүрө албайт. Бул нерсени ар дайым эске алышыбыз керек. Жашоодо ката кетирип, анын үстүнөн иштебесек, анда биздин турмуштук тажрыйбабыз төмөн болот. Ошондуктан балдардын дагы ката кетирип туруусуна мүмкүнчүлүк бериш керек.

Баланы мактап, талантын сууруп чыгуу — чоң жетишкендик болот. “Сен кыла албайсың, колуңдан келбейт” десек, анда баланын өзүнө болгон ишеничи толук жоголот. Балдардын генийлигин позитивдүү жак менен ойготолу.

Ата-энелерге сунуш:

-Балаңызды байкап көрүңүз. Балаңыздын уникалдуулугу эмнеде? Эмнеге кызыгат? Кандай таланттары бар?

-Көбүнчө сабакка басым жасагандыктан, балдардын жеке, чыгармачыл таланттарын байкабай калабыз.

-Балаңыз кандай болсо, ошондой кабыл алыңыз. Ошондо гана жашоодо кыйналбайбыз.

-Баладагы генийлик сапатты зомбулук менен ойгото турган болсок, ал бала сөзсүз өзүнүн чөйрөсүндө зомбулук менен маселени чечсе болот деген ойдо калат.

-Баланын чөйрөдө ким болуусу ата-энеден көз каранды. Баланын эмнени колдонуп, эмне нерселерди кылып жатканы үй-бүлөдөн көз каранды.

-Айрымдар баланы катуу урушуп койгондон кийин бир нече убакыттан соң энелик сезими кайрадан ойгонуп, өзүнүн күнөөсүн жоюу максатында баланы чектен ашып эркелетип баштайт. Бала «мени урушкан сайын, көбүрөөк көңүл бурулат экен» деп, ортодо эки жүздүүлүктү үйрөнөт.

-Баланы урушуп алып, кайра көңүлүн алуу үчүн, ашыкча нерселерди берүү менен анын тарбиясын, өсүү багытын бузасыз. Чыбыктын эки учу бар. Бир жагына олтурсаң, экинчи жагы көтөрүлүп калат. Тең салмакта кармоо үчүн, ортолукту сакташыбыз керек. Бул — нормалдуу көрүнүш.

-Ар бир ата-эне эртең менен «балама бүгүн эмнени үйрөтөм, кантип тарбиялайм» деген ойдо ойгонот. Тилекке каршы, күндүн жарымында эле балдарга ачуулана баштайбыз. Эненин кандайдыр бир психологиялык чарчоосунан улам, балдары менен ортосунда пикир келишпестик пайда болот.

-Бактылуу эне менен бактысыз энени салыштырганда, бактылуу энелер – жашоодо шашпай жүргөндөр. Мисалы, жумуштан келгенде ачууланбайт. Жумуштан келгенде бактылуулук гормону ойгонуп, жаңыдан жашоо башталгандай атмосфера түзүлүш керек.

А бизде тескерисинче, жумуштан шашып келебиз, үйгө кирер замат кыйкырып, тамакты эптемей жасайбыз. Бирок андай эмес дагы ата-энелер көп. Эне үйдө бактылуу болбосо, эч бир бала бактылуу боло албайт. Тамактануу учурунда эненин жакшы маанайынан, жылмаюусунан балдар дагы энергия алат. Ошол жерде сөзсүз бактылуулук жашайт.

Үйдү чачпа!-деп айтпаңыз

Көбүнчө балдарга «үйдү чачпагыла» дешет. Улуу педагогдордун айтымында, үй чачылбаса, бала ойной албайт. Бала ойногон учурда ар кандай образдарды жаратат. Ойноо менен сырткы чөйрөдө, үй-бүлөдө социалдашууга үйрөтө турган жагдай түзүлөт. Азыркы учурда балдарга оюнчук ойното албай жатабыз. Ар биринде телефон, планшет бар. Ошол аркылуу ойноп жатышат. Бул нерсе балага зыянын тийгизип жатат.

Балдар азыр бузулду, кечке телефон кармап олтурат деген ата-энелер бар. Балдар телефон кармабаш үчүн, ата-эне кандай кадамдарга барып жатат? Ата-энелердин жообу: «Биз жашаган мезгилде мындай нерсе жок болчу. Балдарга өзүбүз күзгү боло албай жатабыз», — дешет. Демек, бала кароосуз!

Азыркы балдар тубаса өтө акылдуу, билимдүү балдар

Аларга жөн гана туура багыт керек. Балдарды материалдык жактан эле камсыздап, кыйын болот экенбиз. Баланын жан дүйнөсү менен дагы эсептешүү абзел. Качан ата-эненин жан дүйнөсү тынч болгондо, баланын дагы жан дүйнөсү тынч болот. Бала тарбиялап жатканда, биз, ата-энелер, өзүбүздүн жан дүйнөбүз таза болсун. Сырттагы нерсени сыртта таштаганды үйрөнүшүбүз керек. Балдарыбыз бизди төрт көз болуп үйдө күтүп олтурушат. Келип эле кагып-силкип сүйлөсөк туура эмес. Өзүбүздүн көйгөйлөрүбүздү алардан чыгарбашыбыз керек.

Көп ата-энелер «баламда көйгөй көп» деп кайрылышат. Балдардын көйгөйдөн көйгөй жаратуусу өтө күчөп турган учур. Кичинекей көзгө көрүнбөгөн көйгөйдү биз чоң маселеге айлантабыз. “Менин балам ушундай, тигиндей, мындай” дей бербеңиз. Көйгөй бир эле кичинекей чекит болсо, аны ороп турган гүлгө окшош толтура жакшы жактары бар. Жакшы жактарын көп байкабайбыз.

Негативдүү ойлор менен балдарыбыздын жакшы жактарын көрө албайбыз. Бала “2” деген баа алса, ал баланын эмес, ата-эненин алган баасы болушу мүмкүн же мугалимдин койгон баасы. Ар кандай негативдүү сөздөр менен балдардын мектепке болгон көз карашын өзгөртүп салабыз. Баланы эч качан мектеп же мугалим менен коркутпагыла. Баланын тентектиги – анын талаптары болушу мүмкүн. Ал өзүнө көңүл бурдуруусун каалайт же чогуу ойногусу келет.

Азыркы замандын балдарына бир кесиптин ээси болуу жетишсиз. Бир нече кесипти аркалоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Булар — өнүгүп жаткан балдар. Кесип тандоодон мурун балдардын достору менен же бирөө менен сүйлөшүүсү маанилүү. Улуу кишилер менен пикир алмашуусу, тил табышуусу дагы маанилүү. Ошол нерселер болбой туруп, кесип тандаса, кесибинин мыкты адиси болуусу кыйын. Коом жана чөйрө менен иштеше албаган киши, кесипти аркалап кетиши оор. Аркаласа дагы, анын үстүндө иштей албашы мүмкүн.

Баланын чөйрө түзүүсүнө көбүрөөк көңүл буралы. Балдардын баарын бирдей көрүшүбүз керек. Ар бир бала өзүн үй-бүлө мүчөсү катары сезиш керек. Бала менен дагы кеңешүү керек.

Маекти даярдаган Махбуба Сайпиллаева

P.S «Марал» радиосунда ар шейшемби күнү психолог Сумая Асанова менен «Психолог сааты» уктуруусу обого чыгат. Эгер сиз дагы психологдун кеңешине муктаж болуп, жүрөгүңүздү өйүткөн көйгөйгө чечим таппай жүрсөңүз, 0552 680606 Whatsapp номерине смс билдирүү жөнөтүңүз. Сиздин суроого психологдон жооп алып беребиз. Анонимдүүлүк 100% сакталат!

Copyright © 2017 Maral FM