Биз менен байланышыңыз

Психолог сааты: үй-бүлө курууда эске алуучу жагдайлар

Блог , Психолог сааты | 1 Окт 2020 | 2548 | 0

«Марал» радиосунда ар шейшемби күнү психолог Сумая Асанова менен «Психолог сааты» уктуруусу обого чыгат. Эгер сиз дагы психологдун кеңешине муктаж болуп, жүрөгүңүздү өйүткөн көйгөйгө чечим таппай жүрсөңүз, 0552 680606 Whatsapp номерине смс билдирүү жөнөтүңүз. Сиздин суроого психологдон жооп алып беребиз. Анонимдүүлүк 100% сакталат! Бул жолку чыгарылыш «Үй-бүлө курууга даярдык» деген темада болду. Төмөндө бала тарбиялоодогу эң маанилүү кеңештер сиздер үчүн:

Балдардын турмуш куруусу, өмүрлүк жолдошун туура тандоосу үчүн, алардын психологиялык абалына кичинекей кезден эле көңүл буруу керек. Көңүл бура турчу нерселер, ата-эненин балага үлгү болуп, табия берүүсү маанилүү. Балдарга жоопкерчилик качан берилет? Балдарга төрөлгөн күндөн баштап жоопкерчилик берилиш керек. Ар кимдин өзүнүн курагына жараша, психологиясына, физиологиясына жараша жоопкерчилиги болот. Мисалы, жаңы төрөлгөн баланын жоопкерчилиги эмнеде болуш керек? Жаңы төрөлгөн баланын азыктануусу, эненин эмизгени дагы белгилүү убакытта баланын жашоодо бир нукта жашай турган белгиси. Бул нерсеге көңүл бурушубуз керек.

Балдарды үйдө жоопкерчиликке үйрөтүү маанилүү

Бала эч болбосо өзүнүн жеке муктаждыктарын орундата билүүсү маанилүү. Мисалы үчүн, мектептен келгенден кийин бут кийимин тазалоо, майлоо. Ошол эле учурда өзүнүн кийимин, бөлмөсүн жыйноо. Ошол сыяктуу баланын колунан келген жоопкерчиликтерди калыптандыра билсек, бул балдар келечекте турмуш курууда чечкиндүүлүк жолуна түшөт. Андыктан балдарга жоопкерчиликти бала кезинен үйрөтүү керек. Балага ашыкча көңүл буруп же тескерисинче ашыкча чектөө коюу менен, келечекте алардын жоопкерчилигине зыян тийгизип алышыбыз мүмкүн. Баланы коштоп баса турган, колдоо көрсөтө турган ата-энелерден болушубуз керек.

Үй-бүлөдөгү тарбия турмуш курууда маанилүү

Үй-бүлө курууга даяр болуу бала кезден башталат. Кыздардын жашоодо жакшы өмүрлүк жар табуусу үчүн, жакшы ата-эне тарбиялаш керек. Кыргыз элибиздин таамай айтылган сөздөрү бар. «Ата баркы менен кыз өтөт” дейт. Кыздардын турмушта эң алгачкы сүйүүсү ата аркылуу берилет. Атасына болгон сүйүү жакшы болсо, атасын идеал тутуп, сүйүүсү чексиз болсо, ошол кыздарыбыз жашоодо өмүрлүк жар тандоодо кыйналбайт. Аталар эркек балдарга гана эмес, кыздарга дагы үлгү көрсөтүш керек. Үйдөгү ата менен эненин ортосундагы мамиле балага чоң таасирин тийгизет. Ар бир ата-эне бул нерсени билиш керек. Мындан 20 жыл мурун, үй-бүлө кураарда “Сенин келечектеги жолдошуң кандай болушун каалайсың?” деген суроо узаткан мезгилде, кыздардын жообу “Диплому болсун” деген. Эгерде диплом болсо, ал кыз үчүн идеалдуу эркек болчу. А бирок убакыттын өтүшү менен азыркы учурдагы сиңдилерибизге ушул эле суроону берсек, материалдык жактан көз каранды болгон “Үйү, машинасы болсо” деген сыяктуу жоопторду ала алабыз. Тилекке каршы, бул нерселер убактылуу болгондуктан, үй-бүлө кура турган жаштарга айтат элек, ушул нерселер менен чектелип калуу мүмкүн эмес. Жаштардын дагы көз карашы менен карай турган болсок, алардыкы дагы туура болушу мүмкүн. Көз карандысыз жашоодо жашагысы келишет. Бирок, айланып келип, баарыбир үйдөгү ата-эненин балага берген тарбиясы адамдын мүнөзүнө, жашоосуна таасир берет.

Жаш үй-бүлөлөрдүн бузулушунун негизги себептеринин бири

Апалар “Жакшы жерге турмушка чыгышың керек же болбосо машинасы, үйү болсун. Биз ушунча кыйналып келдик, сен кыйналбай жашашың керек” деген программалоо менен кыздарга тарбия бериши мүмкүн. Ушундай тарбиянын негизинде кыздардын көз карашы ушундай нерсеге барып жатат. «Үй-бүлөсүндө кенжеси болбосун, кайын журт менен жашабасам экен» ,-деген сыяктуу психология менен жашаган сиңдилерибиз да аябай көп. Кыздар күнөөлүү эмес. Бул жерде тарбиядан көз каранды. Кыздарды алдын ала турмушка даярдоодо аскерге жиберип жаткандай тарбиялашат. Бул нерсени билбесең кайненеңе жакпай каласың. Мындай кыла албасаң жолдошуң тез эле кетирип жиберет деген сыяктуу сөздөрдү көбүрөөк сүйлөгөндүктөн, кыздардын болгон максаты, барганда кайненем жактырбай калбаш керек, жолдошум менен ажырашып кетпешим керек, — деген психология менен турмушка чыгат. Эң өкүнүчтүүсү, мен бирөөнү бактылуу кылам, бирөө мени бактылуу кылат деген максатта чыкпагандыктан, учурда жаш үй-бүлөлөр кыйроосунун негизги себептеринин бири ушул. Кайнене маселеси, кадимки эле эстафета оюнундай. Үй-бүлө курганга чейинки оюнду ата-эне ойносо, андан кийинкисин кайнене менен кайнатага өткөрүп берүү.

Үй-бүлөдөгү көңүл бура турчу меселелер:

-Алгач бала тарбиялоодон мурун билим, илим алуу керек.
-Үй-бүлөнү күйүп жаткан от, жалын сыяктуу элестетели. Ал от өчпөш үчүн эмне кылуу керек? Көмүр, отун салуу керек. Биздин максат отту өчүрбөө.
-Отту өчүрбөш үчүн, эркек жана аял дагы бир пикирде болушу шарт.
— Эркек бала үчүн турмуш кура турган кызы кандай болуш керек? Келечекте балдардын татыктуу апасы боло ала турган деп элестет.
-Кыз бала үчүн, келечекте кандай ата болушу, камкор ата болобу деген сыяктуу ойлор түйшөлтөт.
-Өмүрлүк жар тандоодо адам өзүнү жакшы таанышы маанилүү. Мен киммин? — деген суроого жооп издөө.
-Өзүбүздө жок нерсени башка бирөөдөн талап кылбаш керек.

Үй-бүлө куруу кеме сыяктуу

Алгач сүйүү деген жаштарга кайрылат элем. Бир деңизде кеме бара жатат деп элестетели. Кемени мыкты кыймылга келтире албаган эркек болсо, мен аны сүйөм дегениң менен, бирок ошол кеме ордунан жылбай тура берет. Ошондо сүйүү менен канчалык деңгээлде жашап кете аласың деген суроо пайда болууда. Эгерде сиздин тандооңуз биринчи эркектин жеке ыймандуулугу, адамгерчиликтүүлүгү, сизди сыйлоосу боло турган болсо, сүйүү андап ары уланып кете берет. Көпчүлүгү мен сүйүп туруп, андан кийин турмушка чыгам дейт. Сүйүү жок, жашоо болбойт деп. Бул дагы канчалык бир деңгээлде туура болушу мүмкүн. Мага кайрылган көп жаштар, мен сүйүп калдым, турмушка чыгам дешет. Анда бул адамдын жакшы жактарын, жетишкендиктерин, кемчиликтерин айтып бериңизчи дегенде, жакшы жагынан кемчиликтери көбүрөөк чыккан учурлар кездешет. Кемчиликтеринин көп экенин карабай турмушка чыгасызбы дегенде, сүйөм деп жооп беришет. Ар ким өзүнүн ичинде терең ойлонуп, жан дүйнөсүндө саякат жүргүзүшү керек.

Өмүрлүк жолдошту кантип тандоо керек?

Кыздарга сунушум, эгерде турмуш курайын деген оюңуз болуп, ушуга турмушка чыгам деген бирөө болсо, алгач сыноо жүргүзүңүз. Ошол баланын апасын, эже, карындаштарын канчалык деңгээлде сыйлашын байкап көрүңүз. Бул дагы өтө маанилүү. Эгерде сиздин жаныңызда апасын кемсинтип сүйлөсө, апасынын ар бир сөзүнө каршы чыгуу менен мамиле кыла турган болсо, ушундай даражага жеткирген апасын сыйлабаса, сизди жыргатпайт. Жалпылап айтканда, эркек баланын кыз балага болгон мамилеси өтө маанилүү. Медициналык жана психологиялык жактан изилдөөлөрдүн негизинде 20-30 жашка чейинки аралыкта үйлөнүү же турмуш куруу жаштар үчүн эң жакшы убакыт. Балалуу болгонго, ал баланы тарбиялоого дагы жакшы мезгил.

Өмүрлүк жубайды кантип тандоо керек?

Балдарыма кандай апа болот, кандай табиялайт деген сыяктуу суроолорду коюшубуз керек. Көбүнчө эркектер өзүнүн апасына окшош мүнөздөгү жубай издейт. Энелердин камкордугу менен келечекте энесинин ролун улантып кете турган бирөөнү издейт. Алгач, ыйманы жана адамгерчилиги болсо, ал жерде сүйүү сөзсүз жашайт. Ыймандуулугу өтө маанилүү. Экөөнүн бири-бирине болгон көз карашы эмес, экөөнүн бир багытка болгон көз карашы маанилүү. Эгерде сиздин оюңузда 70-80% ушул адам сизге төп келет деген көрүнүштө болсо, анда ойлонбой турмуш курсаңыз болот. Ар ким өзүнө “Мен киммин жана кимди тандап жатамын?” деген суроону бериш керек.

Маекти даярдаган Махбуба Сайпиллаева

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM