Connect with us

Кесип тандоодо абитуриент, ата-эне эмнеге маани бериши зарыл?

Блог | 23 Июн 2020 | 3698 | 0

Өмүрүбүздүн 1/3 бөлүгүн жумушта өткөрөбүз. Тактап айтканда, тандап алган кесибибиз менен алек болобуз. Кесип адамдын  адамкерчилигине, дүйнөгө болгон көз карашына, кабыл алуусуна таасир этет. Адамдарда окшоштук, айырмачылык жана  өзгөчөлүктөрдү жаратат. Кайсы бир деңгээлде тандаган кесибиңизге жараша мүнөзүңүз калыптанат. Адам кесип тандоо менен бирдикте ар дайым чогуу иштей турган кишилерди, жолдошторун да тандайт. Мындан улам, кесип тандоо адам үчүн өзгөчө маанилүү. «Advance Academy» консалтинг тобунун жетекчиси Алмаз Арапов жана психолог Сумая Асанова «Старттын» алкагында бүтүрүүчүлөргө туура багыт берүү максатында кесип тандоо боюнча кеңештерин сунуштайт.


Канткенди кесипти туура тандай алабыз? 

Алмаз Арапов кесип тандоодо эң биринчи кызыгуу, жөндөм маанилүү экенин белгилейт. Ал үчүн учурда кандай кесиптер талап кылынууда? Бул жумуштун өзгөчөлүгү эмнеде? Ишке орношуу мүмкүнчүлүгү кандай? Айлыгы кандай деген суроолорго жооп издөө ишти жеңилдетет.

— Адам өзүнө жаккан жумушту жасаганда, бактылуу да, ийгиликтүү да болот. Ошондуктан;

  • Алгач бүтүрүүчү «мен эмнеге кызыгам? келечекте кандай жашоону каалайм? кандай максат, пландарым бар?» деген суроолорго жооп издесе… Бул туура кесип тандоого мүмкүнчүлүк түзөт. Япондор айткандай, бүтүрүүчү өзүнүн «икигайын» табышы зарыл.
  • Экинчиден, дүйнө, технология тездик менен өнүгүүдө. Алдыдагы 10 жылда дүйнөдө 1 миллиардга жакын адам жумушсуз калат, айрым кесиптер жоюлат. Ошол эле учурда жаңы кесип, жумуш орундары пайда болот. Мындан улам, дүйнөлүк трендди да жакшы анализдөө керек.
  • Үчүнчү маселе, келечекте Кыргызстанда кайсы кесиптерге талап жогору болорун анализдеп, маяналар тууралуу да маалымат алган оң.  

Кесип тандоодо ата-эне жана бир туугундар балага өз таасирин тийгизбей койбойт. Кээ бир ата-эне жоопкерчиликтен качып, «өзүң бил» деп баланы өтө зарыл убакта жалгыз таштап коёт. Кээде баласынын эмнеге шыгы бар экенин жакшы билбегени үчүн туура эмес көз караштар пайда болобу деп да коркот. «Өзүң бил» деп балага ушундайча жардам берип жатабыз, тоскоол болбодук», -деп ойлошот. Бирок бул туура эмес.

Ата-эне балдарга кесип тандоодо кандай жардам берет? 

Сумая Асанова:

— Балдарга психологиялык жардамды биринчи кезекте ата-эне берет. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, кызматкерлердин 80%ы өзүнүн кесиби менен иштебейт, башкача айтканда, баланын ордуна ата-эне кесип тандап койгон учур. Алсак, «сен дарыгер болушуң керек, бизди карашың маанилүү» деген сөздөрдү уккан бала өз кызыгуусун экинчи планга коюп коёт. Мындайда кесипкөй дарыгер чыкпайт. Ата-энелерге айтарым, балаңыз 11-классты аяктаганда эле «ушул кесиптин ээси болосуң» деп чыга калбай, анын кызыгуусун аңдап, ошого жараша колдоо көрсөтүшү кажет. 

Абитуриент үчүн башка бирөөнүн кесип тандаганы такыр туура эмес. Себеби, бул сиздин жашооңуз жана ага жалгыз өзүңүз гана жоопкерчиликтүү экениңизди унутпаңыз. Кесип тандоодо мугалимдерден, ага-эжелерден жана ата-энеден кеңеш сурап коюу ашыктык кылбайт. Алмаз Арапов акыркы чечимди өзүңүз гана кабыл алганыңыз маанилүү деп эсептейт:

Ата-эне баланын жөндөмүн байкабай, кайсы бир кесиптин ээси болушун таңуулаганы туура эмес. Бул көптөгөн балдардын адашуусуна себеп болууда. Кесип тандоодо эл аралык тренддерди, кесиптерди жакшы билген адамдар менен кеңешүү пайдалуу. Анткени, ата-эне адис эмес. Ар бир мектепте окуучулар менен иштеген кеңешчилер болушу зарыл. Алсак,  Германияда бала менен иштешкен кызматкерлер 6-7-класстан тарта окуучунун ата-энесине баласынын жөндөмдөрү тууралуу маалымат, багыт берет. Ошондуктан, аларда адашуу аз болот. Ал эми бизде ата-эненин көңүлүн кыя албай, туугандарды уккандар жок эмес. Кыргызстанда окуучулардан мурда ата-энелерди окутуп, багыт, кеңеш берүү керек болуп жатат. Алар кесип тандоодо балдарына туура багыт бере албай жатат. Ата-энелерге айтарым, кесип тандоодо балдарына жардам берип, адистер менен кеңешүүсү бир топ пайдалуу. Бала өзү каалабаган кесипти ата-энесинин каалоосу боюнча тандап, кийин өмүр бою кыйналышы мүмкүн. Баланы маселени өзү чечип, жоопкерчиликти өзү алганга үйрөтүү, көндүрүү зарыл. 

Адистердин айтымында, эгер кесипти тандоо ийгиликтүү болсо, адам жакшы иштейт, ишинен канааттанат жана ар дайым башкаларга керек болот. Мындай адамдын иш-аракетинин кайтарымдуулугу өтө жогору болуп, толук канааттанууну менен жашайт.

«Учурда кошумча кесип үйрөнүү зарыл»

Сумая Асанова:

— Мугалим, жактоочу, журналист, айтор, ким болбосун, кошумча кесиптин ээси болгону жакшы. Учурда бир адамга бир кесип аздык кылат. Кесиптен сырткары багытта кошумча билим алып, өзүн-өзү өкүктүрүүсү абдан маанилүү. Ошондуктан кызыгууга жараша кошумча кесипти өздөштүрүү да сунушталат.  

Эмгек рыногунда кайсы кесиптерге талап күчтүү?  

Эмгек рыногунда кандай кесиптерге суроо-талаптар бар экенин билүү, алардын кайсылары келечектүү, бүгүнкү күндө коомго эмне керек жана окуп алсаңыз өздөштүрүп кетесизби? Ушул суроолорго жооп издөө кажет.

Алмаз Арапов:

— Кыргызстан алдыда туризм тармагында өнүгө алат. Гид болсун, тейлөө кызматкери болсун туризм тармагындагы адистерге талап өсөт. Туристтерди тейлөө үчүн тил билүү зарыл. Андыктан англис тил мугалимдерине муктаждык артат. Кааласак да, каалабасак да, алдыдагы 5 жылда баарыбыз англис тилин мыкты деңгээлде билишибиз керек. Азыркы тапта социалдык тармак өнүгүүдө. Мындан улам, SMM адистери, маркетологдорго да талап жогорулайт. Мындан сырткары, программист, финансисттерге да чоң талап бар. Себеби жумуштардын барын онлайн форматка өткөрүү зарыл.

Мындан сырткары, жаштарда калыптанып калган «престиждүүлүк» стереотипине ылайык окуу жай тандашат. Тагыраак айтканда, абитуриенттерди өзүнө болочоктогу кесип эмес, окуу жайдын имараты, анын популярдуулугу, канча акча табары көбүрөөк кызыктырып жаткандай. Араповдун баамында, мындай түшүнүк туура эмес. Абитуриент окутуучулук курамга карап, ошого жараша окуу жай тандашы зарыл. Анткени анын кесипкөй адис болушуна окутуучулардын түздөн-түз таасири бар.

— Кесипкөй мугалим жакшы жерде иштейт. Анткени өзүнүн баасын билет. Мыкты окутуучулар күчтүү университеттерде билим берет. 

Copyright © 2017 Maral FM