Биз менен байланышыңыз

GEF долбоору: Чет өлкөгө окууга жөнөтүү системасы даяр

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Дек 2020 | 1421 | 0

«Global Education Foundation» долбоорунун негиздөөчүсү Хабиб Арзыкулов «Маралга» берген маегинде окууга жөнөтүү боюнча система даяр экенин билдирди.

Анын айтымында, учурда чет өлкөдө окууну каалагандарды тандап алуу талаптары иштелип жатат. Жакын арада толук маалымат берилет.

«Студенттерди сентябрда окууга жөнөтүү үчүн апрель айында тандап алышыбыз керек. Аларды биз иштеп чыккан сынактын негизинде, атайын комииссия тандап берет. Канча студент жөнөтөрүбүз май айларында белгилүү болот. Сентябрга чейин ЖОЖдорго кайрылуу, виза маселелери чечилет», — дейт Арзыкулов.

Айта кетсек, долбоордун негиздөөчүлөрү — Хабиб Арзыкулов жана «Advance Academy» консалтинг тобунун жетекчиси Алмаз Арапов.

Чет өлкөдө окууну каалагандар үчүн демөөрчү таап берген уюм түзүлдү

Copyright © 2017 Maral FM