Connect with us

«Окуу үчүн каражат сурап кайрылган жаштар көп»

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Дек 2020 | 819 | 0

«Global Education Foundation» долбоорунун негиздөөчүсү Хабиб Арзыкулов «Маралга» берген маегинде чет жакта билим алуу үчүн каражат сурап кайрылган абитуриенттер көп экенин билдирди.

Анын айтымында, билимге ынтызар жаштар арбын. Андыктан GEF долбоорун негиздөө идеясы жаралды.

«Айылдарда зээндүү, билим алам деген көптөгөн балдарды көрдүк. Алар каражат жоктугунан айла жок эч жакка чыга албай калышат. Өлкөдөгү экономикалык абалды билебиз, жаштарды окутууга көп каражат бөлө албайт. Билим берүү жаатында отчеттор жокко эсе, чет жактан келген бюджеттик орундар боюнча журналисттик иликтөө жасоо зарыл», — дейт Арзыкулов.

Ал белгилегендей, GEF менен байланышуу үчүн азырынча «Advance academy’нин» жетекчиси Алмаз Арапов менен Хабиб Арзыкуловдун Фейсбук баракчасына, Инстаграмга кайрылууга болот. Жакынкы күндөрү сайт иштелип чыгат.

Copyright © 2017 Maral FM