Биз менен байланышыңыз

Абитуриенттер кантип окууга тапшырат? Жобосу

Кыска кабар | 8 Июл 2020 | 5601 | 1

2020-2021-окуу жылында ЖОЖдорго кабыл алуу онлайн форматта жүргүзүлөт. Бул тууралуу брифинг учурунда Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, окууга кабыл алуу үчүн атайын “Абитуриент Online” автоматташтырылган маалыматтык системасы билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан.

Абитуриенттин окууга тапшыруу үчүн төмөнкү аракеттерди аткаруусу керектелет:

Каттоо. Абитуриент 2020.edu.gov.kg сайтында каттоо процедурасынан өтүүсү керек, ал үчүн профилде керектүү маалыматтарды толтурат. Маалыматтар толтурулгандан кийин абитуриенттин телефон номерине СМС билдирүү келет. Эскертүү, телефон номерин туура, так көрсөтүү зарыл!

ЖОЖду тандоо. Системада көрсөтүлгөн окуу жайлардын тизмесинен багытты жана профилди тандоо керек.

Өтүнмө (заявка) берүү. Андан кийин ЖОЖду, даярдоо багытын тандоо менен ЖРТнын электрондук талонун тиркөө зарыл.

Кабыл алуу. ЖОЖдун сунушунан кийин тандалган адистик боюнча окуу тууралуу чечимин тастыктоо зарыл.

Орто окуу жайына кабыл алуу 2 тур менен өткөрүлөт (графиги)

Copyright © 2017 Maral FM