Биз менен байланышыңыз

Аскердик окуу жайларга кабыл алуу жүрүп жатат

Кыска кабар | 6 мая 2021 | 876 | 0

Кыргызстанда 2021-2022-окуу жылына аскердик окуу жайларга тапшырууну каалаган абитуриенттердин документтерин кабыл алуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалыматтык иштер башкармалыгы кабарлады.

Аскердик окуу жайлардын тизмеси, бөлүнүп жаткан окуу орундарынын болжолдуу саны жана аскердик окуу жайларга тапшыруу шарттары жөнүндө маалымат Коргоо министрлигинин www.mil.gov.kg расмий сайтындагы «Билим берүү» бөлүмүндө жайгаштырылган.

Аскердик окуу жайларга тапшырууну каалагандар Коргоо министрлигинин расмий сайтындагы аталган бөлүмүндө онлайн каттоодон өтүп, андан кийинки нускама боюнча иш алып барышы керек.

Документтерди кабыл алуу үстүбүздөгү жылдын 20-майына чейин жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM