Биз менен байланышыңыз

ЖОЖдорго кабыл алуу тартиби жарыяланды

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 1042 | 0

КР билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү Жогорку окуу жайларынын документтерди кабыл алуу тартибин жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЖОЖдорго кабыл алуу абитуриенттердин жеке арыздары боюнча жүргүзүлөт. Ошондой эле, арыз менен кошо өздүгүн жана жарандыгын тастыктаган документинин түп нускасын, жалпы орто же орто кесиптик билими тууралуу мамлекеттик үлгүдөгү документинин түп нускасын же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жана тиешелүү сандагы сүрөтүн тапшырат. Андан тышкары, ЖРТнын жыйынтыктары боюнча сертификаттын түп нускасын көрсөтөт (көчүрмө жарабайт).

Документтерди тапшырууда абитуриентке документтердин кабыл алынганы тууралуу тил кат берилет.

Гранттык орун бөлүнгөн факультетке талондорду салуу үчүн факультеттин мөөрү басылган атайын урналар орнотулат.

Грант алууга талапкер абитуриент каалаган факультеттин мөөр басылып бекитилген урнасына сертификаттын кесилген талонун таштоо жолу менен бир ЖОЖду тандоого укуктуу. Кесилген талонду берген учурда сертификаттын түп нускасын көрсөтүүсү милдеттүү.

Copyright © 2017 Maral FM