Биз менен байланышыңыз

12-июлда жогорку окуу жайга тапшыруунун биринчи туру башталат (график)

Кыска кабар | 31 мая 2021 | 1304 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2021-2022 окуу жылына жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча абитуриенттерди кабыл алуунун графигин иштеп чыкты. Быйылкы окуу жылында жогорку окуу жайларына тапшыруу онлайн жүргүзүлөт.

Билим берүү жана илим министрлиги бул жараян үчүн «Абитуриент Online» автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыккан.

Биринчи тур 12-17-июль күндөрү болот

12-14-июль — сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо;
14-июль саат 14:00 — сынакка катышуу үчүн каттоо аяктайт;
15-июлдан 9-июлга чейин — кабыл алуу үчүн сунушталган талапкерлердин тизмесин жайгаштыруу;
15-17-июль — абитуриенттин ЖОЖго тапшыруусу ырасталат.

Экинчи тур 19-23-июль күндөрү болот

19-21-июль — сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо;
21-июль саат 14:00 — сынакка катышуу үчүн каттоо аяктайт;
22-июлдан 9:00гө чейин — кирүүгө сунушталган талапкерлердин тизмесин жайгаштыруу;
22-24-июль — абитуриенттин ЖОЖго тапшыруусу ырасталат.

Үчүнчү тур 26-31-июлда болот (Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен өткөрүлөт)

26-28-июль — сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо;
28-июль саат 14:00 — сынакка катышуу үчүн каттоо аяктайт;
29-июлдан 9:00гө чейин — кирүүгө сунушталган талапкерлердин тизмесин жайгаштыруу;
29-31-июль — абитуриенттин ЖОЖго тапшыруусу ырасталат.

Copyright © 2017 Maral FM